Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 13-июну № 2193-VII
"Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.А.Маматалиев, Б.У.Сыдыков, Э.Р.Сатыбалдиев, У.З.Ормонов, А.Т.Түмөнбаев, Ж.К.Акаев, Н.О.Сыдыгалиев, Дж.К.Исаева, Ч.А.Султанбекова, А.Т.Маткеримов, А.Алтынбеков, М.К.Алиев, М.А.Абдалиев, Т.А.Масабиров, Ч.И.Ажибаев, Г.О.Култаева, К.А.Талиева, Н.А.Нарматова, К.Л.Ханджеза, Б.К.Чойбеков, Д.Д.Бекешев, А.А.Козуев, Ж.Э.Садырбаева, М.М.Мураталиев, Ы.Ы.Атажанов, А.Т.Эрбаев, С.М.Зулпуев, Т.Т.Мамытов, Ш.Мажитова, Б.З.Түлөбаев, Л.Х.Лурова, Б.Э.Тентишев, А.Исатбек кызы, М.Ж.Сыдыков, Э.К.Кокулов, Р.Ш.Жакышов, Ч.Т.Толонов, Б.А.Эргешов, С.Рустамбек уулу тарабынан демилгеленген "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемелери менен 10 жумуш күндүн ичинде жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.А. Азыгалиев |