Редакцияот 15.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ПАХТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

 

2023-жылдын 15-февралы № 01-5/04

 

"2023-жылдын бюджетин, 2024-2025-жылдар үчүн болжолдуу киреше бөлүгүн жана 2023- жылга калган калдыктарды бекитүү жана бөлүштүрүү"

Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысы М.Абдыкеримовдун 2023-жылга каралган бюджетти жана 2024-2025-жылдарга каралган болжолдуу киреше жана 2023-жылга 2022-жылдан калган калдыктар боюнча берген маалыматтарын, бардык маселелерди жана мүмкүнчүлүктөрдү карап жана талкуулап 28-чакырылыштагы Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин депутаттары төмөнкүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2023-жылдын киреше бөлүгү суммасы 50,0 миң сом болгон атайын эсепти кошуп эсептегенде 10295,8 миң сом болуп, 1 тиркеменин негизинде бекитилсин, тиркеме 1 тиркелди;

2. 2023-жылдын чыгаша бөлүгү суммасы 50,0 миң сом болгон атайын эсепти кошуп эсептегенде 10295,8 миң сом болуп 2 тиркеменин негизинде бекитилсин, тиркеме 2 тиркелди;

3. 2024-2025 жылдар үчүн болжолдуу киреше бөлүгү атайын эсеп 50,0 миң сомду кошуп эсептегенде, 2024-жылга 11696,8 миң сом жана 2025-жылга 13629,8 миң сом болуп тиркеменин негизинде бекитилсин, тиркеме 3 тиркелди;

4. 2023-жылдын 1-январына бюджеттеги калдык 3526,3 мин сом болуп 4 тиркеменин негизинде бекитилсин.

5. 2023-жылдын 1-январына атайын эсептен калган 225,9 миң сом: 70111 бөлүмдүн 2215 статьясына 193,3 миң сом жана 70629 бөлүмүнүн 2215 статьясына 32,6 мин сом болуп 5 тиркеменин негизинде бекитилсин, 5-тиркеме тиркелди.

6. Республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары туура жана өзүнүн максаты менен колдонулсун;

7. Бул токтомду аткарууну айыл өкмөтүнүн башчысы М. Абдыкеримовго жуктолсун.

 

Айылдык кеңешинин төрагасы

 

Н.Ж. Камчыбеков