Редакцияот 20.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Төрт-Гүл айылдык кеңешинин XXVIII - чакырыгынын иреттеги ачык II - сессиясы

 

2024-жылдын 20-марты № 2-1

 

Төрт-Гүлайылдык кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2022 жылы 15 мартын № 01-22/44 буйругунун негизинде Төрт-Гүл айылдык кеңешинин иш Регламентин бекитүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап, уюштуруу-укуктук негиздерин жана алардын ишин,

Төрт-Гүл айыл аймагынын кенеши

ТОКТОМ ЧЫГАРАТ:

1. Төрт-Гүл айылдык кеңешинин иш Регламенти өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин.

2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына каттоого жиберсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин орун басары Джайлобеков А.Д. мырзага жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

 У. Абылдаев