ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XLIII сессия
сессиясынын
2024-жылынын 19- июну №2
“Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык жана жеке менчик жер тилкелерин борбордук мечитке мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жөнүндө”
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 01.06.2024-жылдагы чыг.№01-19/2955 сандуу жана 05.06.2024-жылдагы №01-19/3064 чыгыш каттарынын негизинде жана ага тиркелген иш-кагаздары Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин кеңейтилген жыйынында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XLIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жалал-Абад шаарынын тургуну В.В.Синеокинге таандык Жалал-Абад шаарынын Кыргыз Республикасы көчөсүнүн №102 дарегинде жайгашкан 493 чарчы метр жеке менчик жер тилкесин (индентификациялык коду 3-10-02-0006-0758) акысыз Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин.
- Жалал-Абад шаарынын Кыргыз Республикасы көчөсүнүн №102 дарегинде жайгашкан 493 чарчы метр жеке менчик жер тилкесин (индентификациялык коду 3-10-02-0006-0758) Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облустук казыятына мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
- Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын Жеңиш эс алуу багына караштуу 1051,0 чарчы метр жер тилкесин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облустук казыятына мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
- Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Жалал-Абад шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгына, КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Жалал-Абад филиалына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде 2006-жылы кабыл алынган “Жалал-Абад шаарында курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелерине” өзгөртүү киргизип, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба, байланыш жана жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.