ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XLIII сессия
сессиясынын
2024-жылынын 19- июну №4
“Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине алынган электробустар жөнүндө”
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 11.05.2024-жылдагы чыг.№01-19/2434 сандуу каты жана ага тиркелген иш-кагаздарын Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин кеңейтилген жыйынында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XLIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 30.04.2022-жылдагы №242-т тескемеге ылайык Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги 10 (он) даана электробустарды күрөөгө коюуга макулдук берилсин.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба, байланыш жана жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.