ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XLIII сессия
сессиясынын
2024-жылынын 19- июну №5
“Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгын реорганизациялоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 06.06.2024-жылдагы чыг.№01-19/3089 сандуу каты жана ага тиркелген иш-кагаздары, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин 06.06.2024-жылдагы кеңейтилген жыйынында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XLIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин 11.04.2018-жылдагы кезектеги VI-сессиясынын №4-токтому Муниципалдык менчик башкармалыгынын укук улантуучу мекемеси түзүлгөн күндөн тартып күчүн жоготту деп эсептелинсин.
- Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгын реорганизациялоо иш аркети жүргүзүлсүн. (Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2024-жылынын 25-декабрындагы №1 токтомунун 1-пунктуна ылайык)
- Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгы түзүлсүн. Жобосу №1 тиркемеге ылайык бекитилсин. (Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2024-жылынын 25-декабрындагы №1 токтомунун 2-пунктуна ылайык)
- Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Жер ресурстар башкармалыгы түзүлсүн. Жобосу №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Муниципалдык мүлк башкармалыгына жана Жер ресурстар башкармалыктарына мыйзам чегинде юридикалык жак катары каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба, байланыш жана жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | Н.Орозбеков |