ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XLIII сессия
сессиясынын
2024-жылынын 19- июну №6
“Жалал-Абад шаарынын Ынтымак айылында жайгашкан “Телтору” ат майданына жаңы муниципалдык базарын куруу жөнүндө”
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 30.05.2024-жылдагы чыг.№01-19/2877 сандуу чыгыш каты жана ага тиркелген иш-кагаздары Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кеңейтилген жыйынында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XLIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жалал-Абад шаарынын Ынтымак айылында жайгашкан “Телтору” ат майданына Жалал-Абад шаарынын жаңы муниципалдык базарын курууга макулдук берилсин.
- “Телтору” ат майданындагы имараттарды жана курулуштарды көз карандысыз баалоочу аркылуу баалатып, аукцион аркылуу сатууга макулдук берилсин.
- Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык башкармалыгынын башчысы (Ж.Бөрүкулов) имараттарды аукцион аркылуу сатуу жагы жүктөлсүн. Имараттарды бузууда коопсуздукту сактоо шарты менен иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба, байланыш жана жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.