ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XLIII сессия
сессиясынын
2024-жылынын 19- июну №9
“Жалал-Абад шаарынын мэриясынын “Жалал-Абад жылуулук” муниципалдык мекемеси жөнүндө”
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 27.05.2024-жылдагы чыг.№01-19/2787 сандуу каты жана ага тиркелген иш-кагаздары, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин 06.06.2024-жылдагы кеңейтилген жыйынында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XLIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- “Жалал-Абад жылуулук” муниципалдык мекемесин түзүүгө макулдук берилсин.
- Жалал-Абад шаарынын мэриясынын “Жалал-Абад жылуулук” муниципалдык мекемесинин Жобосу №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Жалал-Абад шаарынын мэриясына, “Жалал-Абад жылуулук” муниципалдык мекемесинин Жобосу мыйзам чегинде юридикалык жак катары катоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңештин социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, регламент, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.