ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XLIII сессия
сессиясынын
2024-жылынын 19- июну №10
“Жалал-Абад шаарындагы жеке менчик жер тилкелерин муниципалдык менчикке өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалыдык менчик жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 06.06.2024-жылдагы чыг.№01-19/3093 сандуу каты жана ага тиркелген иш-кагаздары, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин 06.06.2024-жылдагы кеңейтилген жыйынында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XLIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жалал-Абад шаарынын Ю.Абдрахманов көчөсүндөгү №1 дарегинде жайгашкан 15010,0 чарчы метр (идентификациялык коду 3-10-01-0017-0768) жер аянты жана Ю.Абдрахманов көчөсүндөгү №1в дарегинде жайгашкан 16920,0 чарчы метр (идентификациялык коду 3-10-01-0017-0731) мамлекеттин балансындагы жер аянттарын, Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин.
- Жалал-Абад шаарындагы Ю.Абдрахманов көчөсүндөгү №1 жана №1в даректериндеги жер тилкелерине социалдык обьектилерди курууга макулдук берилсин.
- Жалал-Абад шаарындагы Ю.Абдрахманов көчөсүндөгү №1 дарегинде жайгашкан 15010,0 чарчы метр жер тилкесин Ц-2 укуктук зонасынан С-1 укуктук зонасына өзгөртүүгө жана Ю.Абдрахманов №1в дарегиндеги 16920,0 чарчы метр жер тилкесин К-1 укуктук зонасынан С-1 зонасына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
- Мүлктөрдү муниципалдык менчикке өткөрүп алууда жана өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына жана Муниципалдык менчик башкармалыгына милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.