Редакцияот 13.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому

2024-жылдын 13-июну № 2198-VII

"Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.А.Маматалиев, Т.И.Икрамов, Б.Э.Тентишев, Б.З.Түлөбаев, А.Исатбек кызы, Э.К.Кокулов, Л.Х.Лурова, Ш.Мажитова, Т.Т.Мамытов, Ы.Ы.Атажанов, Р.Ш.Жакышов, А.А.Козуев, А.Алтынбеков, А.Т.Маткеримов, М.Ж.Сыдыков тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемелери менен 10 жумуш күндүн ичинде жиберсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

 

Төрагасынын орун басары

 

Н.Азыгалиев