ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XLIII сессия
сессиясынын
2024-жылынын 19- июну №12
“Жалал-Абад шаарынын Н.Айтматова көчөсүндө жана Т.Байзаков проспектисинде жайгашкан жер тилкелери жөнүндө”
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 30.05.2024-жылдагы чыг.№01-19/2903 каты жана ага тиркелген иш-кагаздары Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин кеңейтилген жыйынында каралып, Жалал-Абад шаарында курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелеринин негизинде, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XLIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Т.Байзаков проспектисиндеги Андалус кафесинин артында жайгашкан 258,0 чарчы метр, Ю.Абдурахманов көчөсүндөгү Максат кафесинин артындагы 382,1 чарчы метр жана Жаннета кафесинин чыгыш тарабындагы 255,65 чарчы метр жалпы 895,75 чарчы метр муниципалдык жер аянтын М.Орозалиевге таандык Т.Байзаков проспектисиндеги жана Н.Айтматова көчөсүндөгү жалпы аянты 991,4 чарчы метр жер тилкесине алмашууга макулдук берилсин.
- Жалал-Абад шаарынын Н.Айтматова көчөсүндө жана Т.Байзаков проспектисиндеги муниципалдык менчикке өткөрүлгөн жер аянтка сквер курууга макулдук берилсин.
- Жалал-Абад шаарынын Н.Айтматов көчөсүндө жана Т.Байзаков проспектисиндеги жер тилкелерин Ц-1 укуктук зонасынан Р-2 укуктук зонасына өткөрүүгө макулдук берилсин.
- Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Жалал-Абад шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгына, КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Жалал-Абад филиалына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде 2006-жылы кабыл алынган “Жалал-Абад шаарында курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелерине” өзгөртүү киргизип, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба, байланыш жана жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.