ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин XXVIII - чакырыгынын ирээттеги II - сессиясы
2024-жылдын 20-марты № 4-3
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бирдиктүү бюджетин бекитүү жөнүндө
Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгынын 2024-жылдын 13-мартындагы № 2161-К буйругунун негизинде а «Петровка айыл өкмөтүнүн Петровка айыл аймагы»; «Беш-Терек айыл өкмөтүнүн Беш-Терек айыл аймагы» жана «Предтеченкаайыл аймагынын Предтеченкаайыл өкмөтү»кайра уюштуруу жолу менен бириктирилип «Чүй районунун Москва районундагы Төрт-Гүл айыл аймагынын Төрт-Гүл айыл өкмөтү» болуп катталганына байланышт уу,үч айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген бюджеттерин тактоо үчүн:
Төрт-Гүл айылдык кенеши:
ТОКТОМ ЧЫГАРАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2024-жылга такталган бюджети 39946,2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Петровка айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген бюджети 21148,1 миң сом болсо, жыл башындагы бош калдыгы 16041,5 миң сом, анын ичинен атайын эсептерде 37,8 миң сом. 2024-жылдын февраль айында 2654,6 миң сом каржыланган. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө 17158,0 миң сом акча каражатын которуу жагы каралсын.
3. Беш Терекайыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген бюджети 7186,5 миң сом болсо, жыл башындагы бош калдыгы 4470.7 миң сом, анын ичинен атайын эсептерде 20,1 миң сом. 2024-жылдын февраль айында 509,7 миң сом каржыланган. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө 4766,8 миң сом акча каражатын которуу жагы каралсын.
4. Предтеченка айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген бюджети 11611,6 миң сом болсо, жыл башындагы бош калдыгы 4009,9 миң сом, анын ичинен атайын эсептерде 107,4 миң сом. 2024-жылдын февраль айында 668,2 миң сом каржыланган. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө 5414,8 миң сом акча каражатын которуу жагы каралсын.
5. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2024-жылга такталган бюджетинин чыгаша бөлүгү бюджеттик классификациянын негизинде төмөнкү мекемелерге бекитилсин:
Аталышы | Сумма (м.сом) |
|
Аппарат | 19044,1 |
|
Билим берүү мекемелери | 14969,4 |
|
Жарандык коргоо | 68,7 |
|
ФАП | 185,8 |
|
Экономикалык маселелер ( Жайыт) | 469,3 |
|
Турак жай (коммун.чарба) | 20788,9 |
|
Маданият | 2130,8 |
|
Социальная коргоо | 1466,6 | |
А/Кенеш | 603,4 | |
Баардыгы: | 59726,8 |
Төрага | У.Абылдаев |