ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XLIII сессия
сессиясынын
2024-жылынын 19- июну №14
“Жалал-Абад шаарынын Ынтымак айылындагы эскилиги жеткен имараттарды бузуу жөнүндө”
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 03.06.2024-жылдагы чыг.№01-19/2967 сандуу чыгыш катты жана ага тиркелген иш-кагаздарын Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин кеңейтилген жыйынында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XLIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жалал-Абад шаарынын Ынтымак айылындагы №25 Мыктыбек Төрөмаматов атындагы орто мектебиндеги эскилиги жеткен имараттарды көз карандысыз баалоочу аркылуу баалап, аукцион аркылуу сатууга макулдук берилсин.
- Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык башкармалыгына аукцион аркылуу сатуу жагы жүктөлсүн, имараттарды бузууда коопсуздукту сактоо шарты менен иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.