Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 19-июну № 343-т
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-апрелиндеги № 155-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган тескеме менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунда жайгашкан "Түндүк Сох" жер астындагы газ сактагычын пайдалануу мүмкүндүгү жөнүндө маселени изилдөө боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы ушул тескеменин тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
"Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунда жайгашкан "Түндүк Сох" жер астындагы газ сактагычын пайдалануу мүмкүндүгү жөнүндө маселени изилдөө боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасынын директору, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Кыргыз геология кызматынын директору;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын чек араны кайтаруу башкы башкармалыгынын башчысы.".