ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XLIII сессия
сессиясынын
2024-жылынын 19- июну №15
“Жалал-Абад шаарындагы жеке менчик жер тилкесин муниципалдык менчикке өткөрүп жана муниципалдык жер тилкесин өткөрүп берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалыдк менчик жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 01.06.2024-жылдагы чыг.№01-19/2956 сандуу каты жана ага тиркелген иш-кагаздары, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин 06.06.2024-жылдагы кеңейтилген жыйынында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XLIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жалал-Абад шаарынын Ю.Абдрахманов көчөсүндөгү “Джалалабатская СПМК ААКнун” 3,2 га жер тилкесин муниципалдык менчикке өткөрүп алууга макулдук берилсин.
- Жалал-Абад шаарынын Промзона №3 дарегиндеги муниципалдык 58500 чарчы метр жер аянтынын ичинен 10 000 чарчы метр бөлүгүн алмашууга макулдук берилсин.
- Жалал-Абад шаарынын Ю.Абдырахманов көчөсүнүн №1 дарегинде жайгашкан жер тилкесин Ц-2 укуктук зонасынан С-1 укуктук зонасына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
- Мүлктөрдү муниципалдык менчикке өткөрүп алууда жана өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына жана Муниципалдык менчик башкармалыгына милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.