Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 19-июну № 339-т
"Азия Нью Тек" айыл чарба машиналарын чыгаруучу завод" ачык акционердик коомунун ишин токтотуу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96, 97-статьяларына, "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Азия Нью Тек" айыл чарба техникасын чыгаруу боюнча завод" ачык акционердик коомун жоюу жол-жобосун белгиленген тартипте жүргүзсүн.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 397-т тескемеси;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 519-т тескемеси.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |