Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Уч-Коргон айылдык Кенешинин кезектеги XXVIII чакырылышынын
кезексиз сессиясы
2024-жылдын 17-апрели № 28-125
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдикаймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Талас облусунун Манас районунун Уч-Коргон айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Уч-Коргон айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Уч-Коргон айылдык кеңеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Уч-Коргон айыл амагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Уч-Коргон айылдык кеңешинин төрагасына жана Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Манас райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага |
| А. Жакыпбеков |