МАЙДАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майдан айылдык Кеңешинин 8-чакырылышынын I-отуруму
2023-жылдын 03-апрелиндеги № 1/1.
Айыл өкмөтүнүн алдында “Тазалык-Таза суу” муниципалдык ишкана ачуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Майдан айыл өкмөтүнүн алдында “Тазалык-Таза суу” муниципалдык ишканасын ачуу максатында Майдан айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн алдында, катуу тиричилик кагаздарын чогултуп чыгаруу жана айылдарды таза суу менен камсыздоо боюнча “Тазалык-Таза суу” муниципалдык ишканасы уюштурулсун;
2. “Тазалык-Таза суу” муниципалдык ишкананын уставы бекитилсин жана жобосу иштелип чыгылсын;
3. “Тазалык-Таза суу”муниципалдык ишканасын юстиция органдарынан каттоодон өткөрүү жагы Майдан айыл өкмөтүнө тапшырылсын жана ыйгарым укук берилсин;
4. Токтом Майдан айылдык Кеңешинин расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн, Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн;
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Майдан айылдык кеңешинин мыйзамдуулук комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| А.Насиров |