Редакцияот 09.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Уч-Коргон айылдык Кенешинин кезектеги XXVIII чакырылышынын

 кезексиз сессиясы

 

2024-жылдын 09-апрели № 28-129

 

Уч-Коргон, Кеңеш айылдарынын ички чарбалык каналын Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Уч-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Уч-Коргон, Кеңеш айылдарынын “Мандалак” ички чарбалык каналы тууралуу айылдык кеңештин депутаттары талкууга салып;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Уч-Коргон, Кеңеш айылдарынын ички лотоктук 6141 метр, жер арык 8470 метр узундуктагы ички чарбалык каналы муниципалдык менчикке алуу үчүн тиешелүү иш чаралар жүргүзүлсүн. 

2. Токтомдун аткарылышын Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча башкы адис Т.Райымбаевге милдеттендирилсин. 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Агрардык саясат, суу ресурстары жана экология боюнча туруктуу комиссия төрагасы Р.Боронбаевге милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

А. Жакыпбеков