Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 27-июну № 108
2023-жылдын 5-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Нидерланддар Королдугунун ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну четтетүү жана салык төлөөдөн качууну алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2023-жылдын 5-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Нидерланддар Королдугунун ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну четтетүү жана салык төлөөдөн качууну алдын алуу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө нидерланд тарапка белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 2-июлундагы № 49 (3602) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 22-майында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |