БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин XVIII-чакырылышынын III-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 18-апрелиндеги № 22
2024-жылга Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн бюджетин бекитүү, 2025-2026-жылдардын долбоорун жана 2023-жылдагы бюджеттин аткарылышы жѳнүндѳ
2024-жылга Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн бюджетин бекитүү, 2025-2026-жылдарга долбоорун жана 2023-жылдагы бюджеттин аткарылышы жѳнүндѳ Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн финансы-экономика бѳлүмүнүн башчысы Ж.Иманкуловдун кошумча маалыматтын угуп талкуулап чыгып, Тамга айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги II- сессиясы токтом кылат:
1. Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы бекитилсин.
2. 2024-жылга айыл аймактын айыл ѳкмѳтүнѳ келип түшкѳн кирешелер жана чыгашалар № 1 тиркемеге ылайык 76759,2 миң сом, атайын каражат 3856,3 миң сом, баардыгы 80615,5 миң сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
3. Жергиликтүү бюджеттен 2024-жылга келип түшүүчү кирешелердин кѳлѳмү № 2-тиркемеге ылайык 80615,5 миң сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
4. 2025-жылга бюджеттик долбоору № 3-тиркемеге ылайык 83942,8 миң сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
5. 2026-жылга бюджеттин долбоору № 4 тиркемеге ылайык 88507,6 миң сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
6. Жергиликтүү бюджетке 2024-жылга жайыт акысынан келип түшүүчү киреше жана чыгашалар 300,0 миң сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
7. 2024-жылы ѳзгѳчѳ кырдаалдар учуруна каралган бюджеттин 900,0 миң сомдон пайдаланылбай калса башка беренелерге жумшалсын.
8. Спорт оюндарына 1320,0 миң сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
9. Айылдык кеңештин тѳрагасынын эмгек акысы жыл ичинде ѳткѳргѳн он алты сессияга 6500 сом жана социалдык камсыздандыруу фондусуна 1121 сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
10. Жергиликтүү бюджетке киреше салыгы боюнча нормативдик чегерүүлѳрдүн 85 пайыз ѳлчѳмү айыл аймактарына калтыргандыктан менчиктин баардык түрлѳрүндѳгү ишканалардан, уюмдардын пайдасынан, атуулдардын кирешелеринен, юридикалык тараптардын алынуучу жер салыктардан, жерди кайра бѳлүштүрүү фондусунан алынуучу ижара акыдан, юстиция органдары тарабынан алынуучу мамлекеттик пошлинадан жергиликтүү бюджетке чегерүүлѳрдүн ѳлчѳмү № 1 тиркемеде кѳрсѳтүлсүн.
11. 2023-жылдан калган карыздар 2024-жылдын бюджетинен чектелген чыгымдардын эсебинен жабылсын.
12. Айыл аймактын айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинде каралган кирешелердин жана жыл ичинде болуучу чыгымдардын иш чаралары толук ѳз багытында, акча каражаты 100,0 миң сомдон жогору болсо айыл аймактын айыл кеңешинин токтомунун негизинде үзгүлтүксүз түрдѳ ишке ашыруу, айыл ѳкмѳттүн финансы-экономикалык бѳлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
13. 2024-жылдын бюджетине түшкѳн кирешелер биринчи кезекте корголгон беренелерди каржылоого жумшалсын.
14. Айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын резервдик фондусу 1167,3 миң сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
15. Жергиликтүү бюджетке келип түшкѳн атайын каражаттарын казынадан тышкары пайдаланууга тыюу салынсын, казынадан тышкары пайдаланылган каражаттар болсо тиешелүү деңгээлде ѳндүрүлүп бюджетке алынышы айыл ѳкмѳтүн финансы-экономикалык бѳлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
16. Каржы Министрлигинен жыл ичинде бекитилген «Байчечекей», “Орумбаев” атындагы, “Барскоон” жана «Бугу Эне» мектепке чейинки билим берүү уюмунун мекемелеринин тамак-аш чыгымдарына атайын каражаттан 3856,3 миң сом ѳлчѳмүндѳ акча каражаты бекитилсин.
17. 2024-жылга бекитилген бюджеттин чыгымдар бѳлүгү жыл ичинде муктаждыктарга карата кварталдан кварталга, статьядан статьяга, классификациядан классификацияга айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын буйругу менен которууга мүмкүндүк берилсин.
18. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысына жана депутаттардын бюджеттик туруктуу комиссинын тѳрагасына жүктѳлсүн.
19. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу агенттигининрасмий веб-сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
20.Токтомдун аткарылышын ишке ашыруу жагы Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы А.Т.Асанбаевге жана финансы-экономикалык бюджеттик туруктуу комиссиянын тѳрагаларына жүктѳлсүн.
Төрага М.Ибаков
Жиберилди: жергиликтүү кеӊештин иш кагаздарына 1-нуска, юстицияга -2 нуска, а/ѳ -2 нуска, төрага – 1 нуска, райондук финансы башкармалыгына – 1, баардыгы – 7 нуска