Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 27-июну № 109
2023-жылдын 13-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүү" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну (Жөнөкөй операциялар [Жеңилдетилген]) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүү" долбоору боюнча гранттык макулдашууну (Атайын операциялар) ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2023-жылдын 13-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүү" долбоору боюнча кредиттик макулдашуу (Жөнөкөй операциялар [Жеңилдетилген]) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүү" долбоору боюнча гранттык макулдашуу (Атайын операциялар) ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Кредиттик жана Гранттык макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Азия өнүктүрүү банкына кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 2-июлундагы № 49 (3602) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 5-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |