Редакцияот 21.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2024-жылдын 21-июну ПТ № 129

Өздүк курамды антка, ар-намыска жана парзга бекем болууну билдирген Ата Мекенди коргоочулардын бардык муундарынын салттарынын жана күжүрмөн даңкынын духунда тарбиялоо максатында, "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) 89-мотоаткычтар бригадасынын Күжүрмөн туусу жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) 91-мотоаткычтар батальонунун Күжүрмөн туусу жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;

3) 8-артиллериялык бригадасынын Күжүрмөн туусу жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өзгөчө ардак белгиси катары аскердик ар-намыстын, каармандыктын жана даңктын символу болгон күжүрмөн туулар жана аларга Кыргыз Республикасынын Президентинин грамоталары Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин төмөнкүдөй аскердик бөлүктөрүнө тапшырылсын:

1) 89-мотоаткычтар бригадасына;

2) 91-мотоаткычтар батальонуна;

3) 8-артиллериялык бригадасына.

3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги ушул тескемеден келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

4. Бул тескеме кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

              Президенти

 

С.Н. Жапаров