Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин XVIII-чакырылышынын III-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 28-майындагы № 26
Барскоон айылдык аймагынынын территориясындагы ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө болгон муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 2 жана 19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, «Сары-Тѳр» суу пайдалануучулар ассоциациясынын мүчөлөрүнүн жалпы жыйынынын ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке берүү жөнүндө чечими тууралуу жана Барскоон айылынын ирригациялык курулмалар боюнча Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Асанбаевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап, Барскоон жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. «Сары-Тѳр» суу пайдалануучулар ассоциациясынын мүчөлөрүнүн жалпы жыйынынын ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке берүү жөнүндө суроо-талабы канаагаттандырылсын.
2. Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысы:
1) Барскоон айылынын ирригациялык курулмары жана «Сары-Тѳр» суу пайдалануучулары менен ирригациялык курулмалар түрдө мүлктү кабыл алуу-берүү актысын түзсүн.
2) «Сары-Тѳр» суу пайдалануучулар ассоциациясы менен ирригациялык курулмаларды берүү келишимине кол койсун, аны мамлекеттик нотариустан күбөлөндүрсүн жана мамлекеттик каттоо кызматтарынын органдарында каттасын.
3) Ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчик реестрине камтысын.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтына жайгаштырып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн иш кагаздарын алып баруу жагы жергиликтүү кеңешинин жооптуу катчысы Н.Шабданбаевга тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарышылын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин экономикалык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага М.Ибаков