Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин XVIII-чакырылышынын III-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 28-майындагы № 27
Жергиликтүү бюджеттен социалдык муктаждыктарга
жана айылдын ѳнүгүүсүнѳ акча каражатын бѳлүп берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Барскоон жергиликтүү кеңешине, айыл ѳкмѳтүнѳ келип түшкѳн Жети-Ѳгүз райондук мамлекеттик администрациясынын акиминин 2021-жылдын 11-апрелиндеги чыгыш № 02-28/113 жана 03-апрелиндеги чыгыш 02-28/1008, Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн мал чарбачылыгы боюнча адиси Н.Кѳкѳевдин каттарын,, Барскоон айылынын тургуну Ж.Расулованын, мурунку Барскоон айылынын жайыт комитетинин тѳрагасы Э.Элебесовдун кайрылууларын, айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Асанбаевдин жана жооптуу катчысы Н.Сыдыкованын оозеки кайрылуууларын угуп талкуулап, жергиликтүү кеӊеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 51-беренесине ылайык, жергиликтүү бюджетинин эсебинен тѳмѳндѳгү максаттарга акча каражаттары бѳлүнүп берилсин:
- Барскоон айылындагы спорт комплексинин иш кагаздарын бүтүрүүгѳ 2024-жылдын бюджетинде каралган суммасы жетпей калганд ыктан 400 000 (тѳрт жүз миң) сом акча каражаты бѳлүнүп берилсин.
- Тамга айылынын тургуну Э.Абылгазиеванын дарылануусуна 30 000 (отуз миң) сом акча каражаты бѳлүнүп берилсин.
- Барскоон айылдык жайыт комитетинин тѳрагасы Э.Элебесовдун КАМАЗ автомашинасы айыл ѳкмѳтүнѳ карамагына ѳткѳрүлүп берилсин. Эмгек акыларына жана дарыланууга акча каражатын сурагандыгы тууралуу кайрылуусу канагаттандырылып эмгек акысы мыйзамга ылайык эсептелип, бѳлүнүп берилсин, дарылануусуна 30 000 (отуз миң) сом бѳлүнсүн.
- Барскоон айылынын тургуну Ж. Рыскулованын жолдошунун дарылануусуна 10 000 (он миң) сом акча каражаты бѳлүнүп берилсин.
- Тамга айылындагы "Байчечекей" балдар бакчасынын жетекчиси
- Республикалык деңгээлде ѳтүлүүчү Кѳк Бѳрү боюнча мелдешке “Жети-Ѳгүз Жети-Аке” райондук курама командасынын ат салышуусунун барып келишинин чыгымдарына кѳмѳк кѳрсѳтүүгѳ 88 000 (сексен сегиз миң) сом акча каражаты бѳлүнүп берилсин.
-Жети-Ѳгүз районубуздун 40 мектептин спорттук мелдештин жеңүүчүлѳрүнѳ акчалай сыйлыктарды берүүгѳ 110 000 (бир жүз он миң) сом акча каражаты бѳлүнүп берилсин.
-Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ жеке веб-сайт ачууга 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты бѳлүнүп берилсин.
-Барскоон айыл аймагында сүт тармагын жакшыртуу жана асыл тукум малдарын ѳнүктүрүү максатында айыл аймагындагы 4 жеке ветеринардык адистерди № 55 кесиптик лицейдин Кызыл-Суу айылындагы филлиалынан уйларды жасалма жолу менен уруктандыруу (осеменатор) курсун окутууга айылдык бюджетинен 24 000 (жыйырма тѳрт миң) сом акча каражатын бѳлүнүп берилсин.
- Барскоон айылынын айыл ѳкмѳтүнѳ тиешелүү мекемелерди камсыздандыруу үчүн тиешелүү акча каражаты бѳлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтына жайгаштырып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн иш кагаздарын алып баруу жагы жергиликтүү кеңешинин жооптуу катчысы Н.Шабданбаевга тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊешинин финансы-экономикалык, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.
Төрага М.Ибаков
Жиберилди: айылдык кеӊештин иш кагаздарына 1-нуска, юстицияга -2 нуска, айыл өкмөтүнүн иш кагаздарына -1 нуска, төрага – 1 нуска, баардыгы – 3 нуска