Сравнение редакций…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 21-июнундагы ПТ № 129 тескемесине) |
91-мотоаткычтар батальонунун Күжүрмөн туусу жөнүндө ЖОБО
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 91-мотоаткычтар батальонунун Күжүрмөн туусу - аскердик бөлүктүн күжүрмөн дайындалыштагы өзгөчөлүктөрү, тарыхы жана сиңирген эмгеги менен айырмаланган, ошондой эле анын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө таандык экендигин көрсөтүүчү өзгөчө ардак белги. Күжүрмөн туу аскердик ар-намыстын, каармандыктын жана даңктын символу болуп эсептелет, ар бир аскер кызматчысына Ата Мекенди коргоонун баатырдык салттары жана ыйык парзы жөнүндө эскертип турат.
2. Күжүрмөн туу кызыл (кумач) түстөгү баркыт (жибек) кездемеден даярдалган эки жактуу тик бурчтуу формадагы кездемеден турат. Кездеменин узундугу - 1450 мм, туурасы 1100 - мм. Кездеменин үч тарабы четинен сары (алтын) түстөгү чачы менен айланта кооздолгон.
Тышкы бетинде кездеменин ортосунда Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин символика белгиси жана "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОРГОО МИНИСТРЛИГИ" деген жазуу жайгашкан, символика белгисинин астында "МИЛДЕТ НАМЫС АТА МЕКЕН" деген жазуу, арткы бетинде кездеменин ортосунда - аскердик бөлүктүн символика белгиси, символиканын үстүндө "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРАЛДУУ КҮЧТӨРҮ", символиканын астында "91-МОТОАТКЫЧТАР БАТАЛЬОНУ" деген жазуу жайгашкан. Символика белгисинин туурасынын кездеменин туурасына карата катышы - экиден бир.
Бардык сүрөттөр жана жазуулар сары (алтын) түстө.
Туунун сабы узундугу 2700 мм жана диаметри 40 мм болгон жумуру кесилиштеги жыгачтан жасалган. Туунун сабы кочкул күрөң түскө боёлгон, лакталган жана төмөнкү учунда металл шакекчеси, жогору жагында - никелденген фигуралуу учу бар, анын борборунда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн символика белгиси жайгаштырылган.
Туунун боосу эшилген, учтарында эки чачысы бар сары (алтын) түстөгү жибектен жасалган. Боонун узундугу 2700 мм. Боо туунун учунун төмөн жагына бекитилет, анын кесиктеринин узундугуна карата катышы - үчтөн эки.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин символика белгиси канаттары жайылган шумкарды элестетет. Шумкардын төшүндө ылдыйды карай созулган калкан жайгашкан. Калкандын четтери эки катар кыюу менен жээктелген. Калкандын борборунда Кыргыз Республикасынын символикасынын элементи - күн нурлары менен курчалган түндүк чагылдырылган. Шумкардын оң бутунда - учу жогору каратылган, кынынан чыгарылбаган кылыч, сол бутунда эмен бутагын кармап турат. Символика белгиси сары (алтын) түстө аткарылган.
4. Аскердик бөлүк тоолуу аймакта жайгашкандыгы эске алынып, аскердик бөлүктүн символика белгисинде мөңгүлөрү менен ак карлуу бийик тоолор чагылдырылган, тоолордон төмөнүрөөк эр жүрөктүүлүктүн, курч көздүн, күжүрмөндүктүн, эрдиктин жана тайманбастыктын символу катары бүркүт, ошондой эле Ата Мекенди түшүндүргөн кызыл жылдыз чагылдырылган, ортосундагы автомат кармап турган муштум куралдаш достукту, күч-кубатты, натыйжалуулукту жана артыкчылыкты билдирип турат.
5. Күжүрмөн туу атайын жабдылган жайда (№ 1 пост), гербдүү мөөр басылган айнек капкактын астындагы секичеде сакталат жана салтанаттуу иш-чараларда алып чыгарылат.
6. Күжүрмөн туу аскердик бөлүктүн аталышы жана нумерациясы өзгөргөндүгүнө карабастан бардык учурда аскердик бөлүк тарабынан сакталат. Бул учурда аскердик бөлүктүн аталышын жана нумерациясын өзгөртүүлөр Күжүрмөн тууну тапшырууда берилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Грамотасына киргизилет. Аскердик бөлүк кайра түзүлгөн, кайра аталган жана баш ийүүсү өзгөргөн учурда Күжүрмөн туу, ошондой эле анын сыйлыктары жана ардактуу аталыштары коргонуу маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими боюнча калтырылышы мүмкүн.
7. Аскердик бөлүк жоюлган учурда Күжүрмөн туу аскердик башкаруунун борбордук органынын режимдик-жашыруун органына андан ары сактоо үчүн өткөрүп берилет.
8. Күжүрмөн тууну башка органдар, жактар пайдаланууга болбойт. Аларды бурмалоого, бузууга жана ушундай мүнөздөгү башка аракеттерге жол берилбейт. Жогоруда аталган аракеттерди жасоого күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 21-июнундагы ПТ № 129 тескемесине) |
91-мотоаткычтар батальонунун Күжүрмөн туусу жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 34 тескемесинин редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 91-мотоаткычтар батальонунун Күжүрмөн туусу - аскердик бөлүктүн күжүрмөн дайындалыштагы өзгөчөлүктөрү, тарыхы жана сиңирген эмгеги менен айырмаланган, ошондой эле анын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө таандык экендигин көрсөтүүчү өзгөчө ардак белги. Күжүрмөн туу аскердик ар-намыстын, каармандыктын жана даңктын символу болуп эсептелет, ар бир аскер кызматчысына Ата Мекенди коргоонун баатырдык салттары жана ыйык парзы жөнүндө эскертип турат.
2. Күжүрмөн туу кызыл (кумач) түстөгү баркыт (жибек) кездемеден даярдалган эки жактуу тик бурчтуу формадагы кездемеден турат. Кездеменин узундугу - 1450 мм, туурасы 1100 - мм. Кездеменин үч тарабы четинен сары (алтын) түстөгү чачы менен айланта кооздолгон.
Тышкы бетинде кездеменин ортосунда Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин символика белгиси жана "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОРГОО МИНИСТРЛИГИ" деген жазуу жайгашкан, символика белгисинин астында "МИЛДЕТ НАМЫС АТА МЕКЕН" деген жазуу, арткы бетинде кездеменин ортосунда - аскердик бөлүктүн символика белгиси, символиканын үстүндө "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРАЛДУУ КҮЧТӨРҮ", символиканын астында "91-МОТОАТКЫЧТАР БАТАЛЬОНУ" деген жазуу жайгашкан. Символика белгисинин туурасынын кездеменин туурасына карата катышы - экиден бир.
Бардык сүрөттөр жана жазуулар сары (алтын) түстө.
Туунун сабы узундугу 2700 мм жана диаметри 40 мм болгон жумуру кесилиштеги жыгачтан жасалган. Туунун сабы кочкул күрөң түскө боёлгон, лакталган жана төмөнкү учунда металл шакекчеси, жогору жагында – узундугу 330 мм, төмөнкү жагынын туурасы 117 мм жана калыңдыгы 2 мм кем эмес, чокусуна карай учтуу никелденген фигуралуу учтугу бар, анын борборунда кыргыз элинин тарыхый-маданий мурасын жана руханий баалуулуктарын символдоштурган Манас белгиси (уруулук мөөр) жана элдин биримдигин символдоштурган түндүк жайгашкан.