Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин XVIII-чакырылышынын III-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 28-майындагы № 28
Барскоон айыл аймагына эмгеги сиңген адамдарга
“Ардактуу атуул” наамдарын берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сыйлыктар жана ардактуу наамдарга кѳрсѳтүү» жѳнүндѳ мыйзамына ылайык, Барскоон айыл аймагынын Барскоон, Тамга жана Тосор айылдарына эмгеги сиңген адамдарына “Ардактуу атуул” наамын берүү тууралуу айылдык кеңешинин депутаттары талкуулап чыгып, Барскоон жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына карата Барскоон, Тамга жана Тосор айылдарына кылган күжүрмөн эмгектерин эске алып, айылга кылган кызматтарын, эмгегин баалап, Тамга айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамына тѳмѳнкү адамдар сунушталсын:
Барскоон айылы боюнча:
1. Ажыбеков Чыныбек Абраевич – Барскоон айылындагы № 55 лицейинин директору;
2. Болотканов Таалайбек Асекович – “Барскоон сервис” муниципалдык ишканасынын трактористи;
3. Мамыралиев Асангазы Токтомамбетович – мураб;
4. Касымакунова Майрамкан - эмгек ардагери;
Тамга айылы боюнча:
1. Илипбаев Кудайберген Ишембиевич – эмгек ардагери;
2. Мейрезанова Гулмира Абдиевна – Тамга айылдык китепкана башчысы;
3. Абдразакова Айшакан – ҮБТнун медайымы;
Тосор айылы боюнча:
1. Бексултанов Сабыр Мустапаевич – жергиликтүү кеңештин депутаты, Тосор айылдык маданият үйүнүн жетекчиси;
2. Турсунбаева Анипа Саяковна – Тосор айылдык байланыш бѳлүиүнүн жетекчиси;
3. Мамытов Шаман – эмгек ардагери;
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтына жайгаштырып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн иш кагаздарын алып баруу жагы жергиликтүү кеңешинин жооптуу катчысы Н.Шабданбаевга тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге жана тиешелүү материалдарын даярдоо жагы жергиликтүү кеңешинин жоопту катчысы Н.Шабданбаевага ал эми кѳзѳмѳлдѳѳ жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага М.Ибаков
Жиберилди: айылдык кеӊештин иш кагаздарына 1-нуска, юстицияга -2 нуска, айыл өкмөтүнүн иш кагаздарына -1 нуска, төрага – 1 нуска, баардыгы – 3 нуска