Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин XVIII-чакырылышынын III-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 28-майындагы № 29
Республикалык бюджеттен максаттуу трансферт аркылуу келген акча каражатын 2024-жылдын бюджетине кошумча пайдалануу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 55-беренесинин 2-пунктуна ылайык, республикалык бюджеттен максаттуу трансферт аркылуу келген 5 999700 (беш миллион тогуз жүз токсон тогуз миң жети жүз) сомду максаттуу түрдѳ пайдалануу максатында, айыл ѳкмѳтүнүн бул маселе боюнча берген сунушун ар тараптан карап чыгып, Барскоон жергиликтүү кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
1. Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетине Республикалык бюджеттен трансферт катары келип түшкѳн 5 999700 (беш миллион тогуз жүз токсон тогуз миң жети жүз) сом акча Тамга жана Тосор айылдарынын калктуу конуштарынын башкы пландарын бекитүүгѳ чыгымдалсын.
2. Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн финансы-экономика бѳлүмүнүн башчысы М.Байтерековго акча каражатын максаттуу чыгымдоо милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтына жарыялоого тиешелүү электрондук иш кагаздарын жиберүүгѳ жана юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн иш кагаздарын алып баруу жагы жергиликтүү кеңешинин жооптуу катчысы Н.Шабданбаевга тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊешинин финансы-экономикалык, жер маселелер боюнча туруктуу комиссияларына жана айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.
Төрага М.Ибаков
Жиберилди: айылдык кеӊештин иш кагаздарына 1-нуска, юстицияга -2 нуска, айыл өкмөтүнүн иш кагаздарына -1 нуска, төрага – 1 нуска, баардыгы – 5 нуска