Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XLIII сессия
сессиясынын
2024-жылынын 19- июну №19
“Жалал-Абад областык өнүктүрүү фондунан Жалал-Абад шаарынын Р.Санатбаев атындагы №3 олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар өспүрүмдөр мектебинин долбоору жөнүндө”
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 03.06.2024-ж. чыг.№01-19/2967-сандуу каты Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин кеңейтилген жыйынында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XLIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад областык өнүктүрүү фондунан Жалал-Абад шаарынын Р.Санатбаев атындагы №3 олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар өспүрүмдөр мектебинин чатырын капиталдык ондоп түзөөдөн өткөрүү үчүн 6 041 694 (алты миллион кырк бир миң алты жүз токсон төрт) сомдук долбоорун бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына (Э.Ормоков) жогорудагы долбоорду ишке ашыруу боюнча мыйзамдын талаптарын сактоо менен иш жүргүзүү жагы жүктөлсүн.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кенештин бюджет, экономика, финансы, каржы жана салык боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага: | Н.Орозбеков |