Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XLIII сессия
сессиясынын
2024-жылынын 19- июну №22
“Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев аймактык башкармалыгындагы кызматтык батирлер жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине ылайык Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 14.06.2024-жылдагы чыг.№01-19/3230 сандуу каты Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин сессиясында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XLIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев аймактык башкармалыгындагы Качкынчы айылынын Чапкындык көчөсү №22/1 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 8000 чарчы метр жер тилкесиндеги 11 кызматтык турак үйдү (идентификациялык коду 3-10-05-1005-0367) Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык турак үй катары кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысына (Ж.Борукулов) мыйзамдын талаптарын сактоо менен иш жүргүзүү жагы жүктөлсүн.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | Н.Орозбеков |