БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XXI-сессиясы
2023-жылдын 19-июлу № 10
Муниципалдык менчиктеги жер аянттарын жеке менчикке сатууга убактылуу мораторий жарыялоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктун, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 2, 18, 19-беренелерин аткарууга алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна жана 01.06.2023-жылкы чыгыш №01-17/487 саны менен катталган Базар-Коргон шаарынын мэри Т.Осмоновдун катына негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XХI -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Базар-Коргон шаарынын мэриясына караштуу муниципалдык менчиктеги жер аянттарын жеке менчикке сатууга убактылуу 5(беш) жылдык мөөнөткө мораторий жарыялансын.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Жалал-Абад областтык Адилет башкармалыгына каттоого берүү, шаардык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Каимовго милдеттендирилсин.
Төрага | К.К. Анарбеков |