Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 13-июну № 313
"Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуу максатында, "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 17 жана 24-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Узак пайдалануудагы товарлардын, анын ичинде белгилүү бир мезгил өткөндөн кийин керектөөчүнүн өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч келтириши, айлана-чөйрөгө зыян келтириши мүмкүн болгон жана даярдоочу колдонулуу мөөнөтүн белгилөөгө милдеттүү болгон комплекттөөчү буюмдардын (тетиктердин, түйүндөрдүн, агрегаттардын) тизмеги 1-тиркемеге ылайык;
2) Жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин максаты боюнча пайдалануу үчүн жараксыз деп эсептелген жана керектөөчүлөргө сатылбай турган товарлардын тизмеги 2-тиркемеге ылайык;
3) Товарларда олуттуу кемчиликтер табылган учурда керектөөчүлөрдүн аларды алмаштыруу жөнүндө талаптары канааттандырылууга тийиш болгон техникалык татаал товарлардын тизмеги 3-тиркемеге ылайык;
4) Окшош товарга алмаштырылбай турган, талаптагыдай сапаттагы азык-түлүк эмес товарлардын тизмеги 4-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) ушул токтомдун 1, 2-тиркемелеринде каралган товарлардын тизмегине киргизилген товарлардын колдонулуу (жарактуулук) мөөнөттөрү жөнүндө маалымат жок болгон учурда аларды сатууга тыюу салынат;
2) товардын колдонулуу (жарактуулук) мөөнөтү даярдоочу тарабынан керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине, мамлекеттик стандарттардын милдеттүү талаптарына же башка милдеттүү эрежелерге ылайык белгиленүүгө жана керектөөчүгө (сатып алуучуга) берилүүчү товар жөнүндө маалыматта камтылууга тийиш.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-октябрындагы № 667 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-апрелиндеги № 233 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-октябрындагы № 667 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин Тоо" мамлекеттик расмий газетасынын 2024-жылдын 21-июнундагы № 46 (3599) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
Узак пайдалануудагы товарлардын, анын ичинде белгилүү бир мезгил өткөндөн кийин керектөөчүнүн өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч келтириши, айлана-чөйрөгө зыян келтириши мүмкүн болгон жана даярдоочу колдонулуу мөөнөтүн белгилөөгө милдеттүү болгон комплекттөөчү буюмдардын (тетиктердин, түйүндөрдүн, агрегаттардын) ТИЗМЕГИ
1. Балдар үчүн товарлар
Оюнчуктар: балдар коляскалары жана велосипеддери, аларга түйүндөр жана тетиктер.
Видео оюндар.
Балдар үчүн жеке тиричилик компьютерлери, полимердик жана синтетикалык материалдардан жасалган күндөлүк тиричилик предметтери (желим упчулар, бөтөлкөлөр, идиштер, бут кийимдер, кийимдер).
2. Үй шартында оорулардын алдын алуу жана дарылоо үчүн товарлар, угуу аппараттары, протездик-ортопедиялык буюмдар
Медициналык инструменттер, приборлор жана аппараттар.
Көрүүнү түзөө үчүн көз айнектер жана линзалар.
Угуу аппараттары.
Протездик-ортопедиялык буюмдар.
3. Жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо үчүн жабдуулар жана приборлор, сантехника
Жылытуучу аппараттар (мештер).
Жылытуучу от казандар.
Суу жылыткычтар жана суу жылытуучу колонкалар.
Металлдан жана полимерлерден, фаянстан, жарым фарфордон жана фарфордон жасалган санитардык-техникалык жабдуулар.
Санитардык-техникалык арматуралар жана гарнитурлар.
4.Турмуш-тиричилик предметтери
Дивандар, кушеткалар, тахталар, кресло-керебеттер, диван-керебеттер, матрацтар, шкафтар, эмерек гарнитурлары, эмерек буюмдарынын топтомдору, жүн жана синтетикалык килем буюмдары, полго төшөгүчтөр.
5. Чарба товарлары
Электр тиричилик товарлары (баштапкы элементтерден жана батареялардан тышкары).
Металл кесүүчү жана жыгач иштетүүчү тиричилик станоктору.
Ичүүчү сууну зыянсыздандыруу, тазалоо жана кошумча тазалоо үчүн тиричилик жабдуулары, тиричилик насостору жана компрессорлору.
Тиричилик газ аппаратурасы, анын ичинде отундун суюк жана катуу түрлөрү менен иштөөчү.
Азыктарды, сууну сактоо жана ташуу үчүн идиштер, шлангдар, адамдар дайыма болуп туруучу жайлардын ички жасалгасы үчүн полимердик материалдар.
6. Маданий товарлар
Тиричилик радиоэлектрондук аппаратура.
Тиричиликтик эсептөөчү жана көбөйтүүчү техника.
Музыкалык инструменттер.
7. Спорт товарлары
Спорт багытындагы буюмдар.
Спорттук бут кийимдер жана кийимдер.
Тиричилик багытындагы сейилдөө кемелери жана сууда сүзүү каражаттары, бул кемелердин жана сууда сүзүү каражаттарынын агрегаттары, түйүндөрү жана тетиктери.
Аскердик эмес багыттагы кол куралдары.
8. Жаныбарларды үйдө багуу үчүн жана өсүмдүктөрдү өстүрүү боюнча техникалык каражаттар
Балыктарды, канаттууларды жана жаныбарларды үй шартында багуу үчүн буюмдар.
Чакан механизация каражаттары, анын ичинде бакча-огород каражаттары.
|
| 2-тиркеме |
Жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин максаты боюнча пайдалануу үчүн жараксыз деп эсептелген жана керектөөчүлөргө сатылбай турган товарлардын ТИЗМЕГИ
1-глава. Азык-түлүк товарлары
1. Нан бышыруу өнөр жайынын продукциясы
Баранкалар, сушкалар, бубликтер.
Кургатылган нандар.
Пирогдор, пирожоктор жана пончиктер.
2. Канттуу кондитердик азыктар
Глазурь менен капталган (шоколад жана шоколад-сүттүү глазурь менен капталган) конфеттер.
Помада, кант жана май глазурь менен капталган жана глазурь менен капталбаган конфеттер.
Шоколад жана шоколад азыктары.
Ирис.
Халва.
Мармелад жана пастила азыктары.
Сагыз.
3. Кондитердик ун азыктары
Печенье.
Галеттер жана крекерлер.
Пряниктер жана коврижкалар.
Торттор.
Пирожныйлар.
Кекстер, баба, рулеттер.
Вафли.
Чыгыш татымдары жана башка ун азыктары.
4. Өсүмдүк майлары жана алардын кайра иштетилген азыктары
Чекене соода тармагында сатууга арналган өсүмдүк майлары.
Маргарин.
Майлар (уйдун, койдун жана башкалар).
Майонез.
Майонез кремдери.
Кетчуп, соус.
Спред.
5. Консерва өнөр жайынын продукциясы
Жашылча консервалары (ширесиз жана томат пастасыз, пюресиз жана соуссуз).
Томат консервалары, жашылча ширелери, жашылча суусундуктары жана сироптору, жашылча соустары жана татымалдары.
Мөмө жана жемиш консервалары (ширелерден, сироптордон жана суусундуктардан тышкары).
Ширелер, сироптор, мөмө жана жемиш суусундуктары.
Мөмөлөр, жемиштер, тез тоңдурулган мөмө жана жемиштерден пюре жана пульпа.
Картошка азыктары:
- тез тоңдурулган картошка азыктары;
- кургак картошка пюреси жана крекерлер;
- куурулган картошка азыктары;
- картошкадан алынган концентраттар, тез калыбына келүүчү жана тез бышуучу картошка азыктары;
- картошка консервалары.
Туздалган, туздап ачытылган, сууга чыланган жана маринаддалган жашылчалар, козу карындар, жемиштер.
Даамын күчөтүүчү татымалдар.
Кургатылган картошка, жашылчалар, мөмөлөр, жемиштер.
Керектөө идишине салынган, консерванттар кошулган же кошулбаган, жуулган же тазаланган жаңы чыккан жашылчалар.
6. Алкоголсуз сыра өнөр жай продукциясы
Сыра.
Газдалган суусундуктар, газдалган диеталык суусундуктар, кургак суусундуктар, газдалбаган суусундуктар.
Нандан ачытылган суусундуктар.
Улуттук суусундуктар.
7. Ичүүчү суу
Идишке куюлган ичүүчү суу.
8. Чай жана туз өнөр жайынын продукциясы (анын ичинде таразага тартылган)
Накта (сорттуу) таңгакталган чай, анын ичинде даам берүүчү кошулмалары менен.
Йоддолгон ашкана тузу.
9. Азыктык концентраттар
Биринчи жана экинчи түшкү тамактар.
Таттуу тамактар. Ун азыктарынан жарым фабрикаттар жана сүт концентраттары.
Кебек (жүгөрүдөн, буудайдан, күрүчтөн). Геркулес.
Акшак таякчалар.
Бадырактар (жүгөрүдөн, буудайдан, күрүчтөн).
Желекчелер (жүгөрүдөн, буудайдан).
Экструзия технологиясы менен кургатылган азыктар.
Сүт аралашмасы (кайнатма, ун, жемиш кошулмалары жана витаминдер менен), балмуздак үчүн кургак аралашма.
Ун, акшак уну. Акшак.
Сүт боткосу жана киселдер.
Диеталык тамак-аш.
Жашылча аралашмасы.
Дарылоо-алдын алуучу тамак-аштар.
Чай жана жыттуу суусундуктар.
Кофе ичимдиктери. Какао күкүмү, кофе.
Сүт - концентрат суусундуктары (какао жана кофе).
Кургак - концентрат белок суусундуктары.
Кулинардык соустар.
Даам берүүчү кошулмалар жана татымалдар. Ачыткылар.
10. Тамакка биологиялык активдүү кошулмалар
Биологиялык активдүү кошулмалар.
11. Эт жана эт азыктары
Тамак-аш максаттары үчүн союуга (атууга) уруксат берилген, муздатылган жана тоңдурулган (субпродуктуларды кошкондо) үй жана жапайы жаныбарлардын (канаттуулардын) эти.
Колбаса жана ышталган азыктар.
Эт жарым фабрикаттары жана кулинардык азыктар.
Малдын май азыктары.
Эт консервалары.
Эт-өсүмдүк консервалары.
Жумуртка азыктары (жумуртканы кошкондо).
12. Сүт өнөр жай продукциясы
Уйдун майы (каймак, сары май).
Сүттөн жасалган продукция.
Кургак сүт азыктары.
Майы аз сүт азыктары.
Кычкыл сүт азыктары.
Балмуздак.
Сычуждук жана эритилген сырлар, брынза, сары суу, пахта, тартылган сүт, йогурт, кургак жана суюк уюткулар.
Консерваланган сүт.
13. Балык азыктары
Ысык ышталган балык жана деңиз азыктары.
Муздатылган, жаңы тоңдурулган балык.
Балыктан жана деңиз азыктарынан кулинардык азыктар.
Балык азыктарын кошкондо, муздак ышталган, кургатылган, сүрсүтүлгөн, илип кургатылган балык жана деңиз азыктары.
Балык икрасы.
Туздалган, татым кошуп туздалган жана маринаддалган балык (сельдди кошкондо).
Балык жана деңиз азыктарынан пресервдер.
Балык жана деңиз азыктарынан консервалар.
14. Балдардын тамак-аш азыктары
Сүттөн жасалган азыктар: адаптацияланган сүт кошулмалары.
Суюк жана паста түрүндөгү сүт азыктары.
Сүт-дандан жасалган азыктар.
Балдардын дарылык тамактануусу үчүн адистештирилген азыктар.
Балдар үчүн жашылча-жемиш жана диеталык тамак-аш консервалары.
Балдар үчүн консерваланган помидор.
Балдар, диеталык жана диабеттик тамактануу үчүн жемиштердин жана мөмөлөрдүн консервалары.
Балдар үчүн эт консервалары.
Балдар үчүн эт-өсүмдүк консервалары.
Балдар үчүн балык консервалары.
2-глава. Азык-түлүк эмес товарлар
15. Ооруларды үй шартында алдын алуу жана дарылоо үчүн товарлар
Дарылоо-алдын алуучу каражаттар.
Минералдык дарылык жана дарылык-ашкана суулары.
Тишке жана ооз көңдөйүнө кам көрүү үчүн косметикалык каражаттар.
16. Парфюмердик-косметикалык товарлар
Косметикалык топтомдор.
Парфюмердик жана косметикалык продукциялар.
17. Тиричиликтик химия товарлары
Жуучу каражаттар.
Кездемеден жасалган буюмдарды агартуу, көгөртүү жана аппретирлөө үчүн каражаттар.
Тазалоо жана жылтыратуу үчүн каражаттар.
Автомобилдерге, мотоциклдерге жана велосипеддерге кам көрүү боюнча каражаттар.
Чаптоочу каражаттар.
Тиричиликтик курт-кумурскаларга, кемирүүчүлөргө каршы, дезинфекциялоо үчүн каражаттар жана антисептиктер.
Бакча жана огород өсүмдүктөрүн айыл чарба зыянкечтеринен жана отоо чөптөрдөн коргоо каражаттары.
18. Маданий товарлар, эс алуу жана көңүл ачуу үчүн товарлар
Баштапкы элементтер жана батареялар.
Фитохимиялык товарлар.
Фломастерлер, автоматтык шариктүү калем саптар үчүн жазуучу түйүндөр.
Принтерлер үчүн лента.
Пиротехникалык оюнчуктар.
19. Балыктарды, канаттууларды жана малды үй шартында багуу үчүн каражаттар. Уруктар
Аквариум балыктары, сайраган жана декоративдүү канаттуулар, үй жаныбарлар үчүн тоют.
Уруктар.
|
| 3-тиркеме |
Товарларда олуттуу кемчиликтер табылган учурда керектөөчүлөрдүн аларды алмаштыруу жөнүндө талаптары канааттандырылууга тийиш болгон техникалык татаал товарлардын ТИЗМЕГИ(*)
1. Автотранспорт каражаттары жана аларга номердик агрегаттар.
2. Мотоциклдер, мотороллерлер, велосипеддер, электр кыймылдаткычы бар скутерлер (самокаттар).
3. Кар унаалары.
4. Катерлер, яхталар, кайык моторлору, учкучсуз учуучу аппараттар (дрондор).
5. Муздаткычтар, тоңдургучтар.
6. Автоматтык кир жуугучтар, кургатуучу жана жуучу-кургатуучу машиналар.
7. Компьютердик жабдуулар, компьютерлер (стационардык жана портативдик), ноутбуктар жана персоналдык электрондук эсептөө машиналары, системалык блоктор, сервердик жана тармактык жабдуулар, ошондой эле комплекттөөчү жана электр азыктандыруучу түзүлүштөрдү кошкондо, перифериялык жабдуулар.
8. Айыл чарба техникалары, мотоблоктор, мотокультиваторлор.
9. Радиожыштык спектрин пайдалануучу байланыштын техникалык каражаттары (өткөргүчтүү байланыш үчүн өткөргүчсүз трубкасы бар телефон аппараттары, смартфондор, уюлдук тармактар же башка өткөргүчсүз байланыш тармактары үчүн башка телефон аппараттары, башкалар).
10. Лазердик же агымдуу көп функциялуу түзүлүштөр, санариптик башкаруу блогу бар мониторлор.
11. Спутниктик телекөрсөтүү комплекттери, санариптик башкаруу блогу бар оюн приставкалары.
12. Телевизорлор, музыкалык борборлор, презентациялык техника, интерактивдүү такталар, санариптик башкаруу блогу бар проекторлор.
13. Санариптик фото жана видеокамералар, аларга объективдер жана санариптик башкаруу блогу бар оптикалык фото жана кино жабдуулары, аудио, видео жана маалыматтын башка түрлөрүн алып жүрүүчүлөр.
14. Идиш жуугуч машиналар, электр жана айкалыштырылган плиталар, газ плиталары, электр жана айкалыштырылган духовка шкафтары, электр жана айкалыштырылган бышыруу панелдери, кондиционерлер, сплит-системалар, электр кыймылдаткычы жана (же) микропроцессордук автоматикасы бар электр суу жылыткычтары.
15. Чаң соргучтар, фендер, эт туурагычтар, электр эт туурагычтар, миксерлер, топтоочу суу жылыткычтар, соргучтар, жылуулук желдеткичтер, абаны нымдагычтар, кофе майдалагычтар, кофе кайнаткычтар, кофе машиналары, нан бышыргычтар, микротолкундуу мештер, муздаткыч баштыктар, шире сыгуучулар, блендерлер, тостерлер, үтүктөр, электрлештирилген инструменттер (кол менен жана көчмө электр машиналары).
(*) Керектөөчү товарды алмаштыруу жөнүндө талаптарды коюунун ордуна жарандык мыйзамдарга ылайык чекене сатып алуу-сатуу келишимин аткаруудан баш тартууга жана товар үчүн төлөнгөн акчалай сумманы кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу.
|
| 4-тиркеме |
Окшош товарга алмаштырылбай турган, талаптагыдай сапаттагы азык-түлүк эмес товарлардын ТИЗМЕГИ
1. Баалуу металлдардан, баалуу жана жарым асыл таштардан жасалган буюмдар, тегизделген асыл таштар.
2. Кепилдик мөөнөтү бар техникалык татаал тиричилик товарлары жана протездик-ортопедиялык буюмдар.
3. Ич кийимдер, шейшептер, кездемелердин бардык түрлөрүнөн ымыркайлар жана ясли курагындагы балдар үчүн ич кийим, спорттук кийимдерден тышкары, трикотаж ич кийимдер. Байпактар, колкаптар.
5. Чендик товар: кездемелер, тюль, кездеме тибиндеги токулбаган материалдардан жасалган товарлар - ленталар, тасмалар, сайма жана башка; кабелдик продукция (зымдар, шнурлар, кабелдер); курулуш жана жасалгалоо материалдары (линолеум, пленка, килем жабуулары жана башкалар) жана метраж менен берилген башка товарлар.
6. Парфюмердик-косметикалык товарлар.
7. Синтетикалык жуучу каражаттар (суюк).
8. Тиричиликтик химия товарлары, пестициддер жана агрохимикаттар.
9. Кеңсе товарлары: тушь, сыя, боектор, лактар, майлар, көркөм сүрөт үчүн суюлтуучулар.
10. Фотопленка, фотокагаз, фотореактивдер.
11. Жеке гигиена буюмдары (тиш щеткалар, тарактар, заколкалар, чач үчүн бигуди, париктер, шиньондор, губкалар, мочалкалар, устара үчүн лезвие, маникюр жана педиюор инструменттери жана топтомдору, чоңдор үчүн интимдик мүнөздөгү товарлар (*).
12. Эмерек.
13. Үй шартында оорулардын алдын алуу жана дарылоо үчүн товарлар (металлдан, резинадан, текстилден жана башка материалдардан жасалган санитария жана гигиена предметтери, медициналык инструменттер, приборлор жана аппаратура, ооз көңдөйүнүн гигиена каражаттары, көз айнектин линзалары, балдарды багуу боюнча предметтер, контакттык линзалар).
14. Типографиялык катаны кошпогондо, мезгилдүү эмес басылмалар (китептер, брошюралар, альбомдор, картографиялык жана ноталык басылмалар, барак басылмалары, календарлар, буклеттер, маалыматты техникалык алып жүрүүчүлөрдө кайра чыгарылгандар).
15. Жаныбарлар жана өсүмдүктөр, уруктар, жаныбарлар, канаттуулар жана балыктар үчүн тоюттар.
16. Полимердик материалдардан толук же жарым-жартылай даярдалган жана тамак-аш азыктары менен контактта болгон буюмдар жана материалдар (идиштер, ашкана жана кухня буюмдары, тамак-аш азыктарын сактоо жана ташуу үчүн идиштер жана таңгактоочу материалдар, анын ичинде бир жолку пайдалануу үчүн (*).
17. Табигый мехтен жасалган буюмдар.
18. Өткөргүчтүү кулакчындар, кубаттоо элементтери, аудио, видео жана маалыматтын башка түрлөрүн алып жүрүүчүлөр (*).
19. Ветеративдик препараттар.
20. Тамеки буюмдары.
(*) герметикалык (вакуумдук) керектөө таңгагына, ошондой эле товардын колдонулбагандыгын белгилөө мүмкүнчүлүгүн камсыздаган керектөө таңгагына таңгакталган товарларды кошпогондо.