Редакцияот 19.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XXI-сессиясы

 

2023-жылдын 19-июлу  № 1

 

Базар-Коргон шаардык мэриясынын 2023-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджетинин аткарылышынын 6(алты) айлык отчётун угуу жана 2023-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №59 Бюджеттик кодексинин 78-беренесине, 117-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123-мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктун, Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновдун Базар-Коргон шаардык мэриясынын 2023- жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджетинин аткарылышынын 6(алты) айлык отчетун жана Базар-Коргон шаардык мэриясынын 2023-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө маалыматын угуп, жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги ХXI-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Базар-Коргон шаарынын мэри Т. Осмоновдун Базар-Коргон шаардык мэриясынын 2023-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджетинин аткарылышынын 6(алты) айлык отчёту канааттандырарлык деп табылсын.

2. Базар-Коргон шаардык мэриясынын 2023-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата бекитилген жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү төмөндөгудөй бекитилсин.

Киреше бөлүгүнүн киреше салыгына 9000,0 миң сом, иштетилбей калган жана үнөмдөлгөн акча каражаттары 11220,0 миң сом жана максаттуу трансфер 12062,3 миң сом жалпысы болуп 32282,3 миң сом түшкөн акча каражаты чыгаша бөлүгүнө отургузулсун:

а) ММБ департамент ишканасына эмгек маянасы үчүн 1500,0 миң сом бекитилсин.

б) Суу түшкөн көчөлөргө шагал төгүү үчүн 600,0 миң сом бекитилсин.

в) Электр энергиядан болгон карыз үчүн 1210,0 миң сом бекитилсин.

г) №30 Ө. Атабекова атындагы гимназия мектебинин жылуулук ишканасына болгон карызы үчүн 400,0 миң сом бекитилсин.

д) Борбордук айлампадан болгон карыз үчүн 1250,0 миң сом бекитилсин.

ж) Алдын ала каралбаган чыгымдар үчүн 240,0 миң сом бекитилсин.

з) Компьютер сатып алуу үчун 100,0 миң сом бекитилсин.

и) Көмүр сатып алуу үчун 400,0 миң сом бекитилсин.

й) Ижара акы үчүн 100,0 миң сом бекитилсин.

к) А.Текебаев көчөсүндөгү тосмолорду сырдоо учүн 200,0 миң сом бекитилсин.

л) СПА Мурап жана Оби-Хаёт ишканаларына колдоо көрсөтүү үчүн 200,0 миң сом бекитилсин.

м) Мэриянын имаратын учурдагы ремонтоо үчүн 400,0 миң сом бекитилсин.

н) 2024-жылга карата кылына турган жумуштар үчүн проект сметага 1750,0 миң сом бекитилсин.

о) Лизинг аркылуу техника сатып алуу үчүн 1500,0 миң сом бекитилсин.

п) Көчөлөргө түнкү жарыктандыруу орнотуу үчүн 1000,0 миң сом бекитилсин.

р) У.Колдошова атындагы орто мектепке кошумча класс куруу үчун 1000,0 миң сом бекитилсин.

с) Археолог кызматы үчүн 100,0 миң сом бекитилсин.

т) Тазалык ишканасына субссидия үчүн 950,0 миң сом бекитилсин.

у) Светофорлорду ремонттоо үчүн 400,0 миң сом бекитилсин.

ф) Көп кабаттуу үйлөрдүн алдына балдар үчүн аллея куруу жана жашылдандыруу, көрктөндүрүү үчүн 3900,0 миң сом бекитилсин.

х) Таза суу ишканасына субсидия 100,0 миң сом бекитилсин.

ц) Борбордук парктын ичинде жайгашкан скважинаны иштетүү үчүн Таза суу ишканасына субсидия 2000,0 миң сом бекитилсин

ч) Базар-Коргон шаарынын аксакалдар сотуна 20,0 миң сом бекитилсин.

ш) Шайыр апаларды колдоо үчүн 100,0 миң сом бекитилсин.

щ) Столба жана Зым сатып алуу үчүн 300,0 миң сом бекитилсин.

ъ) Жол белгилерин куруу үчүн 100,0 миң сом бекитилсин.

ы) Шаар кеңешине стенограмма (видеокамера) сатып алуу үчүн 100,0 миң сом бекитилсин.

ь) Ж.Асанов конушунун көчөлөрүндөгү бетондорду алып иретке келтирүү үчүн 300,0 миң сом бекитилсин.

э) Ген план жана топосьемка жасатуу үчүн 12062,3 миң сом бекитилсин.

3. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана мэриянын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Рахмоналиевге жүктөлсүн.

4. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.

5. Аталган токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Жалал-Абад областтык Адилет башкармалыгына каттоого берүү, шаардык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Нуркамиловго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

К.К. Анарбеков