БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XXI-сессиясы
2023-жылдын 19-июлу № 3
Базар-Коргон шаар мэриясынын 2023-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын №59 Бюджеттик кодексинин 78-беренесин, 117-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123-мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктун аткарууга алуу менен, Базар-Коргон шаардык кенешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык, Базар-Коргон шаарынын депутаттарынын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XXI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Базар-Коргон шаар мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын берген билдируусунун негизинде 2023-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө төмөндөгүдөй отургузулсун.
а) Максаттуу трансфер +12062,3 миң сом
б) 70111-разделдин 2215-статьясына +12062,3 миң сомго
Жалпысы болуп +12062,3 миң сом акча каражаты жогоруда көрсөтүлгөн разделдин элементтерине отургузулсун.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана мэриянын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Рахмоналиевге жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Жалал-Абад областтык Адилет башкармалыгына каттоого берүү, шаардык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Нуркамиловго милдеттендирилсин.
Төрага | К.К. Анарбеков |