БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XXI-сессиясы
2023-жылдын 19-июлу № 5
Таза сууга болгон тарифтердин наркын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 1-пунктун, 34-беренесинин 2-пунктун аткарууга алып, шаардык кеңештин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун жана Базар-Коргон шаар мэриянын алдындагы “Базар-Коргон сууканал” муниципалдык ишканасынын жетекчиси К.Араловдун кайрылуусунун негизинде, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XХI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн 14.06.2023-жылкы №42-буйругун эске алуу менен таза сууга болгон тарифтердин наркы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин. Тиркелет: №1-тиркеме.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновко жана Базар-Коргон шаар мэриянын алдындагы “Базар-Коргон сууканал” муниципалдык ишканасынын жетекчиси К.Араловко жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Жалал-Абад областтык Адилет башкармалыгына каттоого берүү, шаардык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш артуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Нуркамиловго милдеттендирилсин.
Төрага | К.К. Анарбеков |
“БЕКИТИЛДИ” Базар-Коргон шаардык кеңешинин I – чакырылышынын кезектеги XХI - сессиясынын № 5 - токтому менен 19.07.2023-жыл Базар-Коргон шаардык кеңешинин төрагасы К.Анарбеков | №1-тиркеме “БЕКИТЕМИН” Базар-Коргон шаарынын мэри Т.Осмонов «07» 08 2023 ж |
“БАЗАРКОРГОН СУУКАНАЛ” Муниципалдык ишканасынын суу менен камсыздоо жана саркындыларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүнүн бааларынын (тарифтеринин)
ПРЕЙСКУРАНТЫ
№ | Кызматтын түрү | Өлчөө бирдиги | Калкка | Бюджеттик ишканаларга | Ар түрдүү керектөө чүлөр | Эскертме |
1 | Ичүүчү суу | Сом/м3 | 16,8 | 25,0 | 35,0 | Ндс,нсп кошулбаган |
2 | Саркынды суудан тазалоо(канализация) | Сом/м3 | 6 | 9 | 11 | Ндс,нсп кошулбаган |
3 | Таза суу системасына инженердик тармактарга кошуу кызматы |
Бир саат |
406,18 |
1250,0 |
1250,0 | Ндс,нсп кошулбаган |
4 | Саркынды суулар (канализация) системасына инженердик тармактарга кошуу кызматы |
Бир саат |
424,18 |
1500,0 |
3500,0 | Ндс,нсп кошулбаган |
5 | Таза суу жана саркынды (канализация) системасына уланууга техникалык шарттарды даярдоо |
Эки саат |
750 |
1500,0 |
3500,0
| Ндс,нсп кошулбаган |
Негиз: Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн №42-буйругу.
“БАЗАРКОРГОН СУУКАНАЛ” Муниципалдык ишканасынын жетекчиси |
К. Аралов |