Редакцияот 19.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XXI-сессиясы

 

2023-жылдын 19-июлу  № 11

 

Бала-бакчаларга кошумча тайпа ачуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 1-пунктун, 29-беренесинин 6-пунктун, Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө“ мыйзамын, Базар-Коргон шаарынын 2023-жылга карата социалдык-экономикалык өнугүү программасын аткарууга алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин социалдык, мектеп, бала бакча, жөлөк пул маселелери, маданият, коомдук уюмдар, жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XХI-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Базар-Коргон шаарынын Сай-Коргон участкасында жайгашкан № 36 “Ай көл “мектепке чейинки билим берүү уюмуна, Жети-Кошкон айылындагы №35 “Мадина” мектепке чейинки билим берүү уюмуна жана Совет айылындагы № 3 “Ак Бермет” мектепке чейинки билим берүү уюмуна 1(бир) ден кошумча тайпа ачууга уруксат берилсин.

2. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына кошумча жаңы тайпалар ачылгандыгына байланыштуу тамак-аш, көмүр-отун жана инвентарлар менен камсыз кылуу жагы Базар-Коргон шаар мэриясына жүктөлсүн.

3. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жүктөлсүн.

4. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.

5. Аталган токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Жалал-Абад областтык Адилет башкармалыгына каттоого берүү, шаардык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин социалдык, мектеп, бала бакча, жөлөк пул маселелери, маданият, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.Базаркуловага милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

К.К. Анарбеков