Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бириккен Акназаров айылдык кенешинин уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 20-февралы № 1
Бириккен Акназаров айылдык кеңешинин төрагасын
шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө
протоколду бекитүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө Убактылуу жобону жетекчиликке алып;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бириккен Акназаров айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2024-жылдын 20-февралындагы №1 протоколу бекитилсин.
2. Бириккен Акназаров айыл аймагынын Акназаров айыл кеңешинин Жорготаев Капар Орозбекович шайланган төрагасы деп таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага |
| К. Жорготаев |
Талас облусунун Бакай-Ата районундагы бириккен Акназаров айылдык кеңешинин төрагасын шайлоодо ачык добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө
№1 ПРОТОКОЛ
2024-жылдын 20-февралы |
| Кызыл-Октябрь айылы |
|
|
|
Төрагалык кылуучу |
| М.Чойбеков |
Сессиянын катчысы |
| С.Шабданова |
Катышкандар:
Акназаров бириккен Акназаров айылдык кеңешинин жалпы депутаттарынын саны-32, анын ичинен катышкандар-32.
“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө Убактылуу жобого ылайык, төрагалык кылуучу Акназаров бириккен Акназаров айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча ачык добуш берүүнүн тартиби менен тааныштырды.
Бириккен Акназаров айылдык кеңешинин төрагасынын кызмат ордуна 2 талапкер Бакай-Ата районундагы Акназаров айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин төрагалары ат салышкан.
1. Жорготаев Капар Орозбекович-Акназаров айылдык кеңештин төрагасы;
2. Назаралиев Абжалбек Токтосунович-Шадыкан айылдык кеңештин төрагасы;
Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөр аныкталды:
1. Бириккен Акназаров айылдык кеңешинин депутаттарынын жалпы саны -32 (отуз эки) түзөт.
2. Ачык добуш берүүгө катышкан депутаттардын саны -32(отуз эки)
3. Талапкерлердин пайдасына берилген добуштардын саны (алфавиттик тартипте):
1. Жорготаев Капар Орозбекович -32 (отуз эки) добуш.
2. Назаралиев Абжалбек Токтосунович -0 (ноль) добуш.
Бакай-Ата районундагы Акназаров бириккен Акназаров айылдык кеңешинин төрагасынын кызмат ордуна ар бир талапкер боюнча ачык добуш берүүнүн жыйынтыктары аныкталды, ага ылайык депутаттардын көпчүлүк добушун алган талапкер Жорготаев Капар Орозбекович Акназаров бириккен Акназаров айылдык кеңешинин шайланган төрагасы деп таанылды.
Төрагалык кылуучу |
| М.Чойбеков |
Сессиянын катчысы |
| С.Шабданова |