Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-июну № 321
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине турак эмес жайларды жана жер участокторун өткөрүп берүү жөнүндө
Мүлктү натыйжалуу пайдалануу жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоо максатында, Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2024-жылдын 7-майындагы № 9 токтомун көңүлгө алып, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине муниципалдык базарды уюштуруу үчүн төмөнкүдөй объекттерди өткөрүп берсин:
1) Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад шаары, Т.Байзаков проспекти, 53а (идентификациялык номери: 3-10-04-0004-0761) дарегиндеги аянты 2935,0 кв.м жер участогунда жайгашкан, жалпы пайдалуу аянты 1390,9 кв.м турак эмес жай;
2) Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад шаары, Т.Байзаков проспекти, 53б (идентификациялык номери: 3-10-04-0004-0762) дарегиндеги аянты 5023,0 кв.м жер участогунда жайгашкан, жалпы пайдалуу аянты 1643,9 кв.м турак эмес жай.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
1) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн турак эмес жайларды жана жер участокторун муниципалдык менчикке кабыл алуу;
2) өткөрүп берилүүчү объекттерди мамлекеттик кайра каттоону жүргүзүү;
3) күтүүнү жана андан ары тейлөөнү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашыруу;
4) өткөрүп берилүүчү объекттерди андан ары ээликтен ажыратпоо жана аларды максаттуу багыты боюнча пайдалануу.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий газетасынын 2024-жылдын25-июнундагы № 47 (3600) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |