Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 24-июну № 330
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 289, 297, 298 жана 299-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында ченемдердин кайталанышын болтурбоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 289, 297, 298 жана 299-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде "(*) Тизмеге ылайык ташып киргизилген тракторлорду жана автотранспорт каражаттарын чогултууга арналган комплекттөөчү бөлүктөр өнөр жай чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу боюнча функцияларды ишке ашырган аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органы тарабынан өндүрүүчү ишкананы көрсөтүү менен максаттуу багытын ырастоо шартында Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо КНС төлөөдөн бошотула тургандыгы белгиленсин." деген сөздөр алып салынсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий газетасынын 2024-жылдын 28-июнундагы № 48 (3601) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |