Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Акназаров айылдык Кеңешинин 32-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги 1-сессиясы
2024-жылдын 7-марты № 5
Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдорун,
иш кагаздарын мамлекеттик тилде киргизүүсү жана
кабыл алынуусу жөнүндө
Акназаров айылдык аймактык кеңешинин 2024-жылдын 7-мартындагы кезексиз1-сессиясындагы протоколдун негизинде;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айылдык аймагынын территориясында жашагандардын мамлекеттик тилди билгендердин саны басымдуулук кылганына байланыштуу жана айылдык кеңештин регламентинин III-бөлүмүнүн 36-главасынын 5-пунктунун негизинде айылдык кеңештин токтомдору, иш кагаздары кыргыз тилинде гана кабыл алынсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Акназаров айылдык кеңешинин жооптуу катчысы С.Шабдановага жүктөлсүн.
3. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Акназаров айылдык кеңешинин төрагасы |
| К. Жорготаев |