Хан-Теңири айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
ТОКТОМ
Хан-Теңири айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
28-чакырылышынын уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 20-февралындагы №2
Хан Теӊири айыл аймагынын жергиликтүү кенешин
мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу жобону жетекчиликке алып жергиликтүү кенеш токтом кылат :
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳгү Жобонун негизинде төрт айылдык кенештеринин (Ак-Булуӊ, Ак-Чий, Боз-Учук, Жыргалаӊ) бириккендигине байланыштуу түзүлгөн “Хан Теӊири айыл аймагынын жергиликтүү кенеши” мекемеси мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
2. жергиликтүү кеңештин уюштуруу-укуктук формасы – мекеме.
жергиликтүү толук фирмалык аталышы:
¾ Мамлекеттик тилде: “Хан Теӊири айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши” мекемеси;
¾ Расмий тилде: Учреждение “местный кенеш айыльного аймака Хан Тенири”;
Айылдык кеңештин кыскартылган фирмалык аталышы:
¾ Мамлекеттик тилде: “ Хан Теӊири жергиликтүү кеңеши” м-и;
¾ Расмий тилде: У-е “ Местный кенеш Хан Тенири”;
2.2. Мекеменин жайгашкан жери (юридикалык дареги): Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Ак- Суу району, Ново-Вознесеновка айылы, Арык Мырза көчөсү, үй №61.
3. Хан Теӊири айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин Жобосу жаӊы редакцияда бекитилсин.
4. Ак-Чий, Ак-Булун, Боз-Учук, Жыргалаӊ айылдык кенештеринин өткөрүп берүү актылары бекитилсин.
5. “Хан Теӊири айыл аймагынын жергиликтүү кенеши” мекемесин Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы айылдык кенештин жооптуу катчысы З.Дюшембиевага милдеттендирилсин.
Мамлекеттик каттоо жөнүндө чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтерди маалыматтардын анык экендиги ырасталат.
Төрага И.Алымжан уулу