Хан-Теңири айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
ТОКТОМ
Хан-Теңири айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
28-чакырылышынын кезексиз 2 - сессиясы
2024-жылдын 20-мартындагы №8
Хан-Теӊири айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин
регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2022-жылдын 14-мартындагы №56 буйругу менен бекитилген типтүү регламентти жетекчиликке алып Хан-Теӊири жергиликтүү кенеши токтом кылат:
- Хан-Теӊири айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин регламенти бекитилсин. (регламент тиркелет.)
- Хан-Теӊири айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин регламенти айыл өкмөтүнүн сайтына жарыяланып Ысык-Көл облусттук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
3. Бул токтомду аткарууга алып көзөмөл жүргүзүү айылдык кенештин мыйзамдуулук, укук коргоо, депутаттык этика, жарандардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага И.Алымжан уулу