Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-сентябры № 48
Бишкек шаарынын аймагында үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, үй-бүлөлүк маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Шаардыктардын социалдык жана экономикалык жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн, салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 54 «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын аткаруу үчүн, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын аймагында үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, үй-бүлөлүк маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте:
1) квартал сайын, отчёттук мезгилден кийинки айдын 15-числосуна чейин жүргүзүлгөн иштер жөнүндө маалыматты Бишкек шаардык кеңешине берсин;
2) ушул токтомдон келип чыккан тийиштүү чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
К. Конгантиев |
|
| Бишкек шаардык кеңешинин «29» сентябры 2022 ж. № 48 токтомуна тиркеме |
Бишкек шаарынын аймагында үйлөнүү үлпөтүн,
үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, үй-бүлөлүк маркумду
эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган
иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Бишкек шаарынын аймагында үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 54 «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык иштелип чыкты жана Бишкек шаарында үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартибин жөнгө салат.
2. Ушул Жобонун максаты Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын спецификасын жана каада-салттарды эске алып, коомдун руханий-адеп маданиятынын негиздерин турукташтыруу, социалдык адилеттүүлүктү камсыздоо, калктын улуттук маданияттын салттарынакамкордук менен мамиле жасоосун калыптандыруу үчүн, салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүү болуп саналат.
3. Үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды уюштурууда жанаөткөрүүдө социалдык адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук, улуттук салттарга жана баалуулуктарга берилгендик, башка диндердин жана улуттардын өкүлдөрүнүн салттарын сыйлоо принциптери сакталышы керек.
4. Ушул Жобо мамлекеттин жана коомдун алдында эмгеги сиңген инсандарды эскерүүгө жана алардын мааракелерине арналган расмий иш-чараларга жана салтанаттарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча же Бишкек шаарынын аймагындагы мамлекеттик органдар тарабынан өткөрүлүүчү расмий иш-чараларга жана салтанаттарга жайылтылбайт.
2. Жободо колдонулуучу түшүнүктөр
5. Бул Жободо төмөндөгү негизги түшүнүктөр колдонулат:
үйлөнүү үлпөтү – үйлөнүү үлпөтүнө байланыштуу никеге туруу боюнча иш-чара (үйлөнүү үлпөтү, «нике» үрп-адатын жасоо);
үй-бүлөлүк салтанаттар – белгилүү бир окуяларды майрамдоого байланыштуу иш-чаралар (туулган күн, бешик той, тушоо кесүү, сүннөт той, куда тосуу, кыз узатуу той жана башка);
мааракелик салтанаттар – кайсы бир инсандын жашоосундагы же мекеменин ишмердүүлүгүндөгү кандайдыр бир белгилүү окуялардын маараке жылдарын майрамдоого байланыштуу иш-чаралар;
сөөк коюу аза чаралары – сөөк коюуга даярдануу жана сөөк коюуга байланышкан иш-чаралар;
маркумду эскерүү үрп-адаттары – маркумду эскерүүгө байланышкан ага арналган иш-чаралар.
Жогоруда көрсөтүлгөн түшүнүктөр үй-бүлөлүк салтанаттар жана маркумду эскерүү үрп-адаттары катары жалпы түшүнүккө биригет.
3. Жобонун талаптарынын сакталышы үчүн жооптуу органдар
6. Ушул Жобонун талаптарынын аткарылышын камсыздоо Бишкек шаарынын мэриясына жүктөлөт.
7. Ушул Жобону Бишкек шаарынын аймагында ишке ашыруу үчүн администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларында туруктуу комиссиялар (мындан ары – комиссиялар) түзүлөт жана алардын иш-аракети ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
Комиссиялар жөнүндө типтүү жобо жана алардын курамы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилет.
8. Ушул Жобонун аткарылышына контроль жүргүзүү үчүн комиссиялар квартал сайын, отчёттук мезгилден кийинки ар бир айдын 10уна чейин Бишкек шаарынын мэриясына жүргүзүлгөн иштер жөнүндө маалыматты беришет.
4. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү
үрп-адаттарынөткөрүүгө карата талаптар
9. Бишкек шаарынын аймагында үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, үй-бүлөлүк маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чаралар ушул глава менен белгиленген талаптарды сактоо менен өткөрүлөт.
10. Мусулман дининдеги адамдар маркумду коюуга жана аза күтүү иш-чараларын өткөрүүдө Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан кабыл алынган чечимди (фетва) жетекчиликке алуу сунушталат.
Ошондой эле ашыкча ысырапкерчиликти – баштыктарга тамак-аш салып таркатуу, дасторкон жаюу, тамак-ашжана белек (кийит кийгизүү)алып келүүнү токтотуу сунушталат.
Салтанатты жакын туугандарынын жана жакындарынын тегерегинде өткөрүү сунушталат.
5.Жобону бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
11. Ушул Жобонун талаптары бузулган учурда жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралат.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
И. Б. Аденов |