Хан-Теңири айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
ТОКТОМ
Хан-Теңири айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
28-чакырылышынын кезексиз 3 - сессиясы
2024-жылдын 16-апрелиндеги №10
Хан-Теӊири айыл аймагынын такталган чек араларынын
схематикалык картасын бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгынын негизинде Ак-Булуӊ, Ак-Чий, Боз-Учук жана Жыргалаӊ айыл аймактары биригип Хан-Теӊири айыл аймагын түздү. Мурдагы айыл аймактардын чек араларынын негизинде түзүлгөн Хан-Теӊири айыл аймагынын жаӊы чек арасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Ак-Суу райондук бөлүмү тарабынан схематикалык картасын жергиликтүү кенештин депутаттарынын кароосуна коюп жана талкуулап, Хан-Теӊири жергиликтүү кенеш токтом кылат :
1. Хан-Теӊири айыл аймагынын такталган административдик чек арасынын схематикалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына айтылган сунуштарды эске алуу менен макулдук берилсин.
2. Хан-Теӊири жергиликтүү кенешинин төрагасына жана айыл өкмөтүнүн башчысына схематикалык картасына кол койуу тапшырылсын.
3. Жер, жайыт маселелери боюнча жаӊы карта менен иш алып баруу Хан-Теӊири айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтом сайтка жарыялангандан кийин юстиция органдарына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүктү өзүмө калтырамын.
Төрага И.Алымжан уулу