Загрузка документа…
Хан-Теңири айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
ТОКТОМ
Хан-Теңири айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
28-чакырылышынын кезексиз 3 - сессиясы
2024-жылдын 06-июнундагы№14
Хан-Теӊири айыл аймагынан 0,10 га жайыт жер тилкелерин өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которуп чакан ГЭСтин подстанциясын орнотууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы №45 “Жер Кодексинин” 4, 13-статьяларынын, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамынын 9-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу”токтомунун 2-пунктуна ылайык, Токтогул айылынын күн чыгыш тарабынан 421- контурунан 0,10 га жайыт жер тилкесин жана аба чубалгысын тартуу үчүн 50 м.кв. жерди өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга жана ал жер тилкесине чакан ГЭСтин подстанциясын орнотууга байланыштуу “Жыргалаӊ-Энегро” жоопкерчилиги чектелген коомунун кайрылуусун карап чыгып Хан-Теӊири жергиликтүү кенеши токтом кылат:
1. Хан-Теӊири айыл аймагына караштуу Токтогул айылынын күн чыгыш тарабындагы №-421- контурунан 0,10 га жайыт жер тилкесин жана аба чубалгысы өтө турган 50 кв.м. жерди өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Хан-Теӊири айыл аймагына караштуу Токтогул айылынын күн чыгыш тарабындагы №-421- контурундагы 0,10 га жайыт жер тилкесине чакан суу электр станциясынын (ГЭС) подстанциясын курууга “Жыргалаӊ-Энегро” жоопкерчилиги чектелген коомуна макулдук берилсин.
3. Бул токтом Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысы С.Баракановго жүктөлсүн.
Төрага И.Алымжан уулу