Загрузка документа…
Хан-Теңири айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
ТОКТОМ
Хан-Теңири айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
28-чакырылышынын кезексиз 4 - сессиясы
2024-жылдын 24-июнундагы№15
Хан-Теӊири айыл аймагында ишке ашырыла турган “Үч чоку” долбоорунун башкы планынын концепциясын бекитүү жөнүндө
Хан-Теӊири айыл аймагында ишке ашырыла турган “Үч чоку” долбоорунун башкы планынын концепциясын бекитүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын курулуш департаментинин Ысык-Көл областы боюнча өкүлү Кариев Максаттын билдирүүсүн угуп жана талкуулап жергиликтүү кенеш токтом кылат :
1. Хан-Теӊири айыл аймагында ишке ашырыла турган “Үч чоку” долбоорунун башкы планынын концепциясы бекитилсин.
2. Ушул токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин.
3. Токтом ММКга басылып чыккан күнү юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Токтомду көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Баракановго жана жергиликтүү кенештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага И.Алымжан уулу