Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-сентябры № 51
Бишкек шаардык кеңешинин “Сыйлыктар боюнча Бишкек шаардык кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”
Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктары боюнча комиссиянын ишин жөнгө салуу максатында, ошондой эле Бишкек шаарынын ардактуу жараны наамын ыйгаруу, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык мамлекеттик тилде «Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктарын белгилөө жөнүндө» жобо бекитилсин.
2. Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 30-июнундагы № 75 "Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктарын белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
а) токтомдун киришмесинде:
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" деген сөздөр "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы № 122 токтому менен бекитилген Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставы" деген сөздөр алып салынсын.
б) Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 30-июнундагы № 75 "Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктарын белгилөө жөнүндө" токтому менен бекитилген Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктары жөнүндө жобонун 29-пункту “фракция лидерлерин” деген сөздөн кийин “(жүйөөлүү себептер менен лидерлер жок болгон учурда, алардын орун басарларынын катышуучу укук ченемдүү)” деген сөздөр менен толукталсын».
3. Ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык мамлекеттик тилде «Бишкек шаарынын ардактуу жараны жөнүндө» жобо бекитилсин.
4. Бишкек шаардык кеңешинин 2005-жылдын 10-октябрындагы № 111 “Жаңы редакциядагы “Бишкек шаарынын ардактуу жараны жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
а) токтомдун аталышындагы "жаңы редакциядагы" деген сөздөр алып салынсын;
б) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бишкек шаарынын Ардактуу жараны жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
“Жалпы жоболор” I главанын 4-пункту төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
“Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамынан ажыратууКыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын, Бишкек шаарынын мэринин өтүнүчү боюнча, ардактуу наамдын ээси тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келген аракеттер жасалган учурларда, Бишкек шаардык кеңешинин чечими менен чакыртылып алынышы мүмкүн.
“Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамын чакыртып алуу тууралуу өтүнүчтү Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында бул маселени кароо тууралуу чечим кабыл ала турган сыйлыктар боюнча комиссия карайт.
Маселе тийиштүү профилдик комиссия карагандан кийин сессиянын кароосуна киргизилет.”;
1-пункттун 5-абзацы «сессияда бекитүү үчүн талапкерлердин тизмесине автоматтык түрдө киргизиле турган, » деген сөздөр менен толукталсын;
3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу жөнүндө сунуштарды Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы, Бишкек шаарынын мэри, Бишкек шаардык кеңешинин фракциялары бир талапкерден, ошондой эле уюмдар, коомдук бирикмелер жана айрым граждандар өтүнүч катары киргизиши мүмкүн.»;
5-пунктта:
"Сунуш" деген сөз "Өтүнүч" деген сөз менен алмаштырылсын;
б) төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«Бишкек шаарынын ардактуу жараны» наамын ыйгаруу жөнүндө өтүнүчү менен төмөнкү документтер киргизилет:
Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 30-июнундагы № 75 "Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатына сыйлыктарды белгилөө жөнүндө" токтому менен бекитилген формадагы сыйлоо барагы;
кадрдык эсепке алуу боюнча жеке баракчасы же сыйлануучунун таржымалы;
Бишкек шаарынын сыйлыктары, мамлекеттик сыйлыктары жана Бишкек шаардык кеңешинин Ардак грамотасы бар экендигин тастыктаган күбөлүк же башка тастыктоо:
сыйлануучунун паспортунун көчүрмөсү.»;
8-пункттагы "эки айдан кийин" деген сөздөр "бир айдан кеч эмес" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
9-пункттагы "жашыруун добуш берүү менен" деген сөздөр алынып салынсын;
10-пунктагы “7 талапкер” деген сөздөр “8 талапкер” (үч чакырылыштан кем эмес катары менен шайланган Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары бул санга кирбейт)" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
12-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин «12. “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамы жергиликтүү коомчулуктун сыйлыктарынын бири, Бишкек шаардык кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган, ошондой эле мамлекеттик сыйлыкка ээ болгон адамга ыйгарылат».
“Комиссиянын функциялары” IV глава төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамын чакыртып алуу тууралуу өтүнүчту карайт.”.
5. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин төрагасына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу |
Ж.А. Абдраимов |
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29. 09. № 51 токтомуна тиркеме - 1 |
|
|
|
| |
|
| Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2009- жылдын 30-июнундагы № 75 токтомуна тиркеме |
Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктары
жөнүндө жобо
I. Жалпы жоболор
1. Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынынсыйлыктары менен Бишкек шаарын өнүктүрүүдө олуттуу салым кошкон Кыргыз Республикасынын жарандары, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун, министрликтердин, ведомстволордун, башка бийлик органдарынын, менчиктин түрүнө карабастан мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери, ошондой эле кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдиктери, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок жактар (мындан ары-сыйлоо субъекттери) сыйланышат.
2. Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктары болуп ардактуу наамдар, сыйлыктар, артыкчылык төш белгилер, Бишкек шаардык кеңешинин же Бишкек шаарынын мэриясынын грамоталары жана башка сыйлыктары саналат.
3. Жогорку ардактуу наам болуп “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамы саналат, анын статусу, ыйгаруу субъекти жана башка жоболору Бишкек шаардык кеңешинин азыркы ченемдик актылары менен жөнгө салынат.
4. Жогорку сыйлык болуп “Бишкек шаарына сиңирген эмгеги үчүн” (За заслуги перед городом Бишкек”) ордени сыйлоонун бардык субъекттери үчүн жогорку артыкчылык даражасы болуп саналат. Анын статусу, сыйлоо субъекти жана сыйлоо үчүн квалификациялык талаптары ушул жобо менен жөнгө салынат.
5. Артыкчылык жогорку төш белгиси “Бишкек шаарына ак ниет кызматы үчүн” (“За безупречную службу городу Бишкек”) медалы мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, ошондой эле түзүмдүк бөлүмдөрдүн, муниципалдык ишканалардын кызматкерлери жана мамлекеттик же муниципалдык бюджеттен каржылануучу, ошондой эле борбордун аймагында өз иш-аракетин жүзөгө ашыруучу башка субъекттер үчүн артыкчылык белги болуп саналат.
6. Бишкек шаардык кеңешинин же Бишкек шаарынын мэриясынын башка ардактуу наамдары жана сыйлыктары, алардын статусу, ыйгаруу жана сыйлоо субъекттери Бишкек шаардык кеңеши же Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилген тийиштүү жоболор менен жөнгө салынышат.
7. Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы же Бишкек шаарынын мэри “Бишкек шаарына сиңирген эмгеги үчүн” (За заслуги перед городом Бишкек”) орденин же “Бишкек шаарына ак ниет кызматы үчүн” (“За безупречную службу городу Бишкек”) медалын тапшырууда сыйлануучу субъектке кошумча эстелик белек тапшыра алышат.
II. Жогорку сыйлык “Бишкек шаарына сиңирген эмгеги үчүн” (За
заслуги перед городом Бишкек”) орденижана артыкчылык жогорку
төш белгиси “Бишкек шаарына ак ниет кызматы үчүн” (“За
безупречную службу городу Бишкек”) медалы
8. Жогорку сыйлык- “Бишкек шаарына сиңирген эмгеги үчүн” (За заслуги перед городом Бишкек”) ордени жана артыкчылык жогорку төш белгиси - “Бишкек шаарына ак ниет кызматы үчүн” (“За безупречную службу городу Бишкек”) медалы менен коомдук, гуманитардык, кайрымдуулук, өндүрүштүк, кызматтык жана Кыргыз Республикасынын борборун өнүктүрүүдөгү салымы үчүн мекенчилдик жана сыймыктануу сезимдерин тарбиялоо үчүн иштин башка чөйрөсүндө Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын алдында сиңирген эмгеги үчүн сыйлоо субъекттери сыйланышат.
9. Сыйлыктарга карата белгилердин, орден китепчелеринин жана күбөлүктөрүнүн үлгүлөрү, ошондой эле аларга берүү, аларды тапшыруу, тагынуу, эсепке алуу жана сактоо жол-жобосу менен байланышкан жоболор Бишкек шаарынын мэри тарабынан бекитилет.
10. Сыйлыктардын көрүнүшү сыйлыктын статусун эске алуу менен мүнөзүнө жана сыйлоо субъекттин сиңирген эмгегинин деңгээлине жараша аныкталат.
11. “Бишкек шаарына ак ниет кызматы үчүн” медалы менен сыйлоо кийин “Бишкек шаарына сиңирген эмгеги үчүн” ордени менен сыйлоо үчүн тоскоолдук болбойт.
12. “Бишкек шаарына сиңирген эмгеги үчүн” ордени менен жылына он субъекттен көп эмес сыйланышат.
13. Орден менен сыйлоолордун саны боюнча жергиликтүү жамааттын алдында өзгөчө эмгеги үчүн Бишкек шаардык кеңешинин сессиясынын чечими өзгөчө болушу мүмкүн.
14. Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктары менен сыйлоо Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктары боюнча комиссиянын (мындан ары-Комиссия) чечиминин негизинде Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын тескемеси менен жүзөгө ашырылат.
15. Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыгына татыктуу субъектке орден китепчеси же күбөлүк жана белгиленген үлгүдөгү төш белги берилет.
16. Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыгына татыктуу субъектке өтүнгөн тараптын өздүк каражаттарынан бир жолку акчалай сыйлык (иштеген жери боюнча) төлөнүшү мүмкүн. Төлөө өлчөмү алардын сыйлоо тартиби тууралуу ички (ведомстволук) актылары менен жөнгө салынат.
III. “Бишкек шаарына сиңирген эмгеги үчүн” (За заслуги перед
городом Бишкек”) орденин жана артыкчылык жогорку төш белгиси -
“Бишкек шаарына ак ниет кызматы үчүн” (“За безупречную службу
городу Бишкек”) медалын алууга көрсөтүү тартиби
17. Жеке жактарды сыйлоого көрсөтүү ушул жобонун 17-26-пункттарында белгиленген талаптарга ылайык алардын эмгек же коомдук иши мезгилинде жүргүзүлөт.
18. Уюмдардын юбилейлик, белгилүү даталарга же алардын эмгек жамааттарынын турмушундагы ай рыкча маанилүү окуяларга байланыштуу Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктары менен сыйлоо үчүн жыйындысында сыйлыктардын бардык түрү боюнча жамааттын үчтөн көп эмес кызматкерине берилет.
19. Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген кесиптик майрамдарга жана башка белгилүү даталарга байланыштуу Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктары менен сыйлоо үчүн жыйындысында сыйлыктардын бардык түрү боюнча тармактын бештен көп эмес кызматкерине берилет.
20. Сыйлоонун ар бир субъектине №1 жана №2 тиркемеге ылайык формада сыйлоо барагы толтурулат.
21. Сыйлоого карата берилүүчүгө сыйлоо барагы анын иштеген жери боюнча, жамаатка- сыйлоого көрсөткөн жогору турган уюм тарабынан толтурулат жана уюмдун жетекчиси тарабынан кол коюлат. Уюмдун жетекчисине сыйлоо барагы жогору турган уюм тарабынан толтурулат жанауюмдун жетекчиси тарабынан кол коюлат. Коомдук иш үчүн тийиштүү райондун администрациясы же Бишкек шаардык кеңеши тарабынан толтурулат.
22. Сыйлоо барагы уюмдун (мекеменин, ишкананын) жетекчиси, профсоюздук комитеттин же жамааттын кызыкчылыгын көрсөтүүчү башка коомдук органдын төрагасы тарабынан кол коюлат жана уюмдун гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
23. Сыйлоо тууралуу өтүнүч сыйлоо барагы менен бирдикте Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктар боюнча комиссиясына киргизилет.
24. Сыйлоо тууралуу өтүнүчтү киргизүүгө төмөнкүлөр укуктуу:
- Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы;
- Бишкек шаарынын мэри;
- Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аймактык жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери;
министрликтердин, административдик ведомстволордун жана башка аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери;
менчиктин түрүнө карабастан мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын жетекчилери.
25. Сыйлоо барагында берилүүчү сыйлоо субъектинин мүнөздөмөсү коомдук, гуманитардык, кайрымдуулук, өндүрүштүк, кызматтык жана иштин башка чөйрөдөгү конкреттүү анын эмгегин объективдүү жана ар тараптуу баалоону камтуусу жана ошондой эле өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууга, экономиканы өнүктүрүүгө, элдин жашоо-турумушун жакшыртууга багытталган новатордук ишин өтө конкреттүү чагылдыруусу керек.
26. Тартиптик жазалары бар кызматкерлеге, белгиленген тартипте аларды алып салганга чейин сыйлоого көрсөтүүгө жол берилбейт.
27. Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыгын кайталап ыйгаруу жүргүзүлбөйт.
IV. Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктары
боюнча комиссия жана анын иштөө тартиби
28. “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамын жана Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктарын ыйгарууга келип түшкөн документтер Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктары боюнча комиссия тарабынан каралат.
29. Комиссиянын жеке курамы Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын тескемеси менен Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынан, орун басарынан, фракция лидерлеринен, Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынан, социалдык маселелерди тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэринен, Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчисинен түзүлөт.
30. Комиссиянын төрагасы болуп Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы саналат. Комиссиянын катчысы болуп Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси саналат.
31. Комиссиянын ишин уюштурууну камсыздоону комиссиянын катчысы жүзөгө ашырат.
32. Комиссиянын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын тескемеси менен жүзөгө ашырылат.
33. Комиссия Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктарына карата көрсөтүүлөрдү кароону ар тараптуу жана объективдүү жүзөгө ашырат.
34. Сыйлоого келип түшкөн документтер комиссия тарабынан алар келип түшкөн күндөн тартып бир айдан кечиктирилбестен каралат.
35. Комиссия Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктарына карата көрсөтүүлөрдү коомдук баалоону аныктоо үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын тийиштүү бөлүмдөрүнөн, мамлекеттик, коомдук жана чарбалык органдардан каралуучу көрсөтүүлөргө тийиштүү болгон толук маалыматты алууга укуктуу.
36. Комиссия өз ишин жыйын түрүндө жүзөгө ашырат. Жыйындардын жыйынтыктары анын төрагасы жана катчысы тарабынан кол коюла турган протоколо менен жол-жоболоштурулат.
37. Жыйындар зарылчылыкка жараша өткөрүлөт.
38. Комиссиянын жыйынын төрага, ал жок болуп калганда, комиссиянын төрагасы менен макулдашуу боюнча төраганын орун басары алып барат.
39. Комиссия анын мүчолөрүнүн жарымынан кобү жыйынга катышса, чечим кабыл алууга укуктуу.
40. Комиссиянын чечимдериачык добуш берүү жолу менен катышкандардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калганда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
41. Комиссиянын жыйынынын протоколдору, ошондой эле анын ишине байланышкан башка материалдар Бишкек шаардык кеңешинде белгиленген тартипте түзүлөт, жол-жоболоштурулат жана Кыргыз Республикасынын борбордук мамлекеттик архивине өткөрүлүп берилгенге чейин сакталат.
V. Сыйлыктарды тапшыруу тартиби
42. Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктары менен сыйлоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасы, Бишкек шаарынын мэри, ошондой эле, алардын тапшыруусу боюнча башка кызмат адамдары тарабынан сыйлануучунун өзүнө 31-август - Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө жана Шаар күнүнө карата салтанаттуу абалда жүзөгө ашырылат.
43. Сыйланган субъекттердин жеке эсеби Бишкек шаардык кеңеш тарабынан жүргүзүлөт.
44. Орден китепчелеринин, күбөлүктөрдүн бланктары жана төш белгилер Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан даярдалат жана так отчеттуулуктун документине карата көрсөтүлүүчү талаптарга ылайык сакталат.
45. Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктары менен сыйланган адамдар сыйлыктын сакталуусун камсыздоосу керек. Сыйлыктар жана ага документтер жоголгон учурда,сыйлангандар сыйлыкка өз укуктарын сакташат.
46. Жоголгондун ордуна төш белгинин жупнускасы берилбейт.Орден китепченин жана төш белгиге карата күбөлүктүн жупнускасы жоголгондун ордуна бул жакты сыйлоого көрсөткөн органдын өтүнүчу боюнча комиссиянын чечими менен берилет. Өтүнүч менен катар сыйлыктар боюнча комиссияга сыйланган адамдын жупнуска берүү тууралуу арызы жөнөтүлөт.
47. Жергиликтүү жамааттын сыйлыктарынын белгилерин мыйзамсыз даярдоо жана алып жүрүү, сатып алуу, сатуу, алмаштыруу же өткөрүп берүүнүн башка формасы азыркы мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартат.
Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
|
Ю.Шкуропатов |
| Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктары жөнүндө жобого 1-тиркеме |
СЫЙЛОО БАРАГЫ
1.Аты жөнү: __________________________________________________________________
2. Кызматы, иштеген орду ______________________________________________________________
3. Туулган жылы жана айы, числосу:_____________________________________________________
4. Кандай мамлекеттик жана башка сыйлыктары, артыкчылык белгилер, ардактуу наамдар (сыйлоо, ыйгаруу датасын көрсөтүу менен)бар ____________________________________________________________________________________________________________________________________
5. Үйүнүн дареги, телефону: ________________________________________________________________________________________
6. Жалпы иш стажы:____________________ 7.Тармактагы иш стажы: ___________________________
8. Сыйлоогокарата көрсөтүлүп жаткан өзгөчө эмгектери, кыскача мүнөздөмө: __________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
Мекеменин, ишкананын, уюмдун жетекчиси _________________________________________________
(аты-жөнү)
м.о.__________________________________
20___-жылы“_____” _____________
Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
|
Ю.Шкуропатов |
| Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктары жөнүндө жобого 2-тиркеме |
СЫЙЛОО БАРАГЫ
1.Уюмдун аталышы __________________________________________________________________
2. Мурда кандайдыр бир сыйлыктар менен сыйланганбы жана сыйланган датасы ______________ __________________________________________________________________
3.Уюмдун толук дареги жана телефону:__________________________________________________________________
4. Сыйлоого карата көрсөтүлүп жаткан өзгөчө эмгектери: ________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________(сыйлыктын түрү)менен сыйлоого карата көрсөтүү үчүн
Уюм________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________(ишкананын, мекеменин, уюмдун аталышы, талкуулоо датасы, протокол номери) __________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________жыйналышы (кеңеш, башкармалык) тарабынан сунушталды.
Мекеменин, ишкананын, уюмдун жетекчиси:________________________________________________
(аты-жөнү)
м.о._______________
20___-жылы“_____” __________________
Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
|
Ю.Шкуропатов |
|
|
|
|
|
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчеси |
|
И. Б. Аденов |
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29. 09. № 51 токтомуна тиркеме - 2 |
|
|
|
| |
|
| Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2005- жылдын 10-октябрындагы № 111 токтомуна тиркеме |
Бишкек шаарынын ардактуу жараны жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Шаардык коомчулуктун алдында жарандардын көрүнүктүү эмгектерин таануу, Бишкек шаарынын пайдасына багытталган жеке ишин сыйлоо, анын жайлуулугун жана өсүп-өнүгүүсүн камсыздоо максатында “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамы белгиленет.
2. “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамы Бишкек шаардык кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына жана чет өлкөлүк жарандарга жекече ыйгарылат жана чакыртылып алынбайт.
3. “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат ээлеген адамына, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогорку кызмат адамына, жергиликтүү администрациянын башчысына ыйгарылышы мүмкүн эмес.
Көрсөтүлгөн кызматтардын бирин ээлеген адамга “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамы анын ыйгарым укуктарынын же бул кызматта иштөө мөөнөтү аяктагандан кийин жарым жылдан эрте эмес ыйгарылышы мүмкүн.
4. “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамы соттуулугу алынбаган же жоюлбаган адамга ыйгарылышы мүмкүн эмес.
5. “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамын берүүгө ылайык табылган адамга Бишкек шаарынын ардактуу жаранынын Грамотасы, Бишкек шаарынын ардактуу жаранынын Белгиси жана “Бишкек шаарынын ардактуу жаранынын күбөлүгү тапшырылат, булар тууралуу жобо жана булар тууралуу жазуулар Бишкек шаардык кеңешинин токтому менен бекитилет.
II.“Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу негизи
жана тартиби
1. “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
- көп жылдык натыйжалуу кайрымдуулук, меценаттык иш;
- Бишкек шаарынын тургундарынын жыргалчылыгы үчүн эрдик иштерди жасоо;
- Бишкек шаарынын тургундарынан Кыргыз Республикасы жана Бишкек шаары үчүн көрүнүктүү жыйынтыктары менен мамлекеттик, муниципалдык, саясий, илимий, маданий, чарбалык, коомдук иштер жаатындагы же башка иштеги сиңирген эмгеги үчүн кеңири таануу алган;
- Шаардын тургундарынын арасында 15 жылдан кем эмес шаардык түзүм тутумунда (уюмдарда жана мекемелерде) жигердүү ишинин натыйжасында көп убакыт, туруктуу жана кеңири белгилүү болгон жана шаардын мэри, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп иштеген адамдар, ошондой эле үч чакырылыштан кем эмес шайланган Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары;
2. Чет өлкөлүк жарандарга “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамы бөлүктүн 1-пункту тарабынан каралбаган негиздер боюнча, ошондой эле, анын ичинде конкреттүү адамга бул наамды ыйгаруу актынын чоң коомдук-саясий маанилүүлүгүнө байланыштуу негиздер боюнча ыйгарылышы мүмкүн.
3. “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу жөнүндө сунушту Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык органдары, ошондой эле уюмдар, коомдук бирикмелер жана кайрылуу түрүндө кээ бир жарандар киргизиши мүмкүн.
4. Бишкек шаардык кенеши, Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаардык кеңешинин токтом долбоору түрүндө “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамы ыйгаруу тууралуу сунуш киргизүүгө укуктуу.
5. “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу жөнүндө сунуш жекече Бишкек шаардык кеңешине киргизилет жанаар бир талапкер боюнча өзүнчө каралат.
6. Өздөрүнүн талакерлигин көрсөтүшкөн адамдардын келип түшкөн “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу жөнүндө сунуш каралбайт.
7. “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу жөнүндө сунуш өлгөндөн кийин каралбайт.
8. “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу жөнүндө маселе “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгарууга көрсөтүлгөн талапкер тууралуу маалыматтар Бишкек шаарынын жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялангандан кийин эки айдан кеч эмес Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында каралат.
9. “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу жөнүндө чечим Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын белгиленген санынан көпчүлүк добуш берүү менен жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат жана Бишкек шаардык кеңешинин токтому менен жол-жоболоштурулат.
10. “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамы Шаар күнүнө карата жылына бир жолу 7ден көп эмес талапкерге Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында ыйгарылат.
11. “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу жөнүндө маселени кароо жана чечим кабыл алуу наамга көрсөтүлгөн адам жок болгондо деле жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
12. “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамы Бишкек шаардык кеңешинин Ардак грамотасын алган адамга берилет.
III. Комиссиянын курамы жана түзүмү
1. “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу боюнча ишти уюштуруу Бишкек шаарынын жергиликтүү коомчулугунун сыйлыктары боюнча комиссия тарабынан (мындан –комиссия) жүзөгө ашырылат.
2. Комиссияөз ишин Ушул жобого, Бишкек шаарынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырат.
IV. Комиссиянын иш-милдеттери
Комиссия:
- “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу жөнүндө сунушту кабыл алат жана карайт, ушуга байланыштуу келген документтерди жана материалдарды талдап чыгат, зарылчылыкка жараша кошумча документтерди жана “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамына көрсөтүлгөн талапкерлер (мындан ары-талапкерлер, талапкер) тууралуу маалыматтарды сурайт;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдары, уюмдар, коомдук бирикмелер жана кээ бир жарандар тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлерге “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу жөнүндө Бишкек шаардык кеңешинин токтом долбоорлорун даярдоо жана кароого киргизүү жөнүндө же талапкерлерди четке кагуу тууралуу чечим кабыл алат;
- зарылчылыкка жараша талапкерди комиссиянын жыйынына, бул талапкерге “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу жөнүндө маселе карала турган Бишкек шаардык кеңешинин сессиясына чакырат.
V. Бишкек шаарынын ардактуу жарандарынын регалийлерин
тапшыруу жана куттуктоотартиби
1. Бишкек шаарынын ардактуу жаранынын Грамотасы жана Бишкек шаарынын ардактуу жаранынын Күбөлүгү Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы жана Бишкек шаарынын мэри тарабынан кол коюлат.
2. Бишкек шаарынын ардактуу жаранынын Грамотасы, Бишкек шаарынын ардактуу жаранынын Белгиси жана Бишкек шаарынын ардактуу жаранынын Күбөлүгү Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын, Бишкек шаарынын вице-мэрлеринин, коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда салтанаттуу абалда “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамына татыктуу адамга Бишкек шаарынын мэри, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы тарабынан тапшырылат.
3. Бишкек шаарынын ардактуу жаранынын ысымдары Бишкек шаарынын ардактуу жаранынын китебине хронологиялык тартипте жазылып киргизилет.
4. Бишкек шаарынын ардактуу жарандары өздөрүнүн ысымдары менен байланышкан бул наам менен ачык пайдалана алышат. “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу башка кошумча укуктарды же жеңилдиктерди бербейт.
5. Бишкек шаарынын ардактуу жарандары Бишкек шаардык кеңеши же Бишкек шаарынын мэри тарабынан мамлекеттик майрамдарга арналган иш-чараларга, майрамдарга жана Бишкек шаарынын белгилүү даталарына жана башка маанилүү окуяларга чакырылат.
6. Бишкек шаарынын ардактуу жараны каза болгондон кийин мураскор тарабынан башка чечим кабыл алынбаса, Кыргыз мамлекеттик тарых музейи Бишкек шаарынын ардактуу жаранынын Грамотасын, Бишкек шаарынын ардактуу жаранынын Белгисин жана Бишкек шаарынын ардактуу жаранынын Күбөлүгүн сактоого кабыл алат.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
|
Е. Лященко |
|
|
|
|
|
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчеси |
|
И. Б. Аденов |