Редакцияот 09.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШЕКЕР АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Шекер айыл аймагынын айылдык кенешинин I-чакырылышындагы

3 сессиясы

2024-жылдын 9-апрели № 7

 

Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешине кызматтык автоунааны штатка киргизүү жөнүндө

 

2024-жылдын 7-февралындагы Министрлер кабинетинин төрагасынын №52- токтомуна ылайык, Жергиликтүү кеңештин кызматтык автомобиль айдоочунун бир штатык бирдигин ачуу жөнүндө;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешине келишимдин негизинде кызматтык автомобиль алынсын.

 

2. Ар бир жумушчу күнүнө 0.5литр А-92 маркасындагы күйүүчү май жана техниканын запчасттык бөлүктөрүнө 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты каралып берилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мураталиевага жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

К. Э. Иманалиев