Редакцияот 09.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШЕКЕР АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Шекер айыл аймагынын айылдык кенешинин I-чакырылышындагы

3 сессиясы

2024-жылдын 9-апрели № 10

 

Кум,топурак алуу үчүн карьер ачуу жөнүндө

Шекер айыл аймагына тиешелүү ар бир айылдын элдеринин муктаждыктарын эске алып, кум,топурак алуу үчүн карьер ачуу боюнча;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шекер айыл аймагына тиешелүү ар бир айылдан кум,топурак алуу үчүн карьер ачуу боюнча жерлери аныкталып,мамлекеттик каттоодон өткөрүлүп, карьер ачылсын.

 

2. Кайнар,Арчагул айылдарына мамлекет тарабынан 2024-жылга асфальт жол салуу пландаштырып жаткандыгына байланыштуу убактылуу мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн экологияга зыян келтирилбеген жерден тийиштүү кум алуу жагы караштырылсын.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мураталиевага жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

К. Э. Иманалиев