ШЕКЕР АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айыл аймагынын айылдык кенешинин I-чакырылышындагы
4 сессиясы
2024-жылдын 18-апрели № 11
Талас облусунун Айтматов районунун Шекер айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агентигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Шекер айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасын карап чыгып жана талкуулап Шекер айылдык кеңеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шекер айыл аймагынын айыл аймагын административдик чек арасынын схематикалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Шекер айылдык кеңешинин төрагасына жана Шекер айыл өкмөтүнүн башчысына схематикалык картага кол коюу тапшырылсын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Айтматов мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага |
| К. Э. Иманалиев |